DOLON MEDIA

Нарын шаарынын борбордук көчөсү 21-мартта жабылат

Нооруз майрамында Нарын шаарында унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтта өтө турган салтанатка байланыштуу Ленин көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Андабеков көчөсүнө чейин жабылат. Учурда атайын унаа токтотуучу жайлар уюштурулду. Бул күнү сырттан келген меймандар унааларын калаанын кире бериш жерлерине, эски РТС мекемесинин короосуна, Москва чөлкөмүндөгү терминалга, …

Нарын шаарынын борбордук көчөсү 21-мартта жабылат Толугу менен »

40 казан сүмөлөк кайнатылат

Нарын шаарында Нооруз майрамынын алкагында “Мыкты сүмөлөк” сынагы өтөт. Ага  облустагы ар бир район катышып, жалпы 40 казан сүмөлөк кайнатылат. Сынакка “Кыргыз биримдик” коомдук бирикмеси жана “Тапсаң сеники” долбоорунун негиздөөчүлөрү демөөрчү болуп, уюштуруу иштерине 1 миллион 500 миң сом жумшашууда. Эң даамдуу жана нак сүмөлөк деп табылган “Мыкты сүмөлөккө”  акчалай байгелер берилет. Уюштуруучу Дана Абдыбекова  …

40 казан сүмөлөк кайнатылат Толугу менен »

Ак-Талаада мыйзамсыз балык кармагандарга айып салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ак-Талаа районунда мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды. Маалыматка караганда. жаратылыш сакчылары  райондун  Кара-Суу жана Мыкачы аймактарында  эки күндүк рейд өткөрүшкөн. Анын жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулап жүргѳн 8 жаран кармалып, КР Укук бузуулар кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, 8 мин сом айып салынган.

Нарында Нооруз кандай белгиленет?

Нарын шаарында быйыл Нооруз майрамы өлкө жетекчилигинин катышуусунда республикалык денгээлде өзгөчө белгиленет. Учурда ага карата кызуу даярдык көрүлүп, мамлекет тарабынан ар тараптуу  колдоолор көрсөтүлүүдө. Алсак, калаабыздын борбордук бөлүгүндөгү имараттарда ондоп-түзөөлөр, парктарда, көчөлөрдө жарыктандыруу иштери жасалды. Атайын техникалар алынып келинди. Маданий иш-чаралар Маданият, маалымат  жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп, Нооруздун театралдаштырылган оюн-зоок программасына 500дөй  маданият …

Нарында Нооруз кандай белгиленет? Толугу менен »

Нооруз майрамынын негизги иш-чаралары Нарында өтөт

Быйыл Нооруз майрамынын негизги иш-чаралары Нарын шаарында өтөт. Президент Садыр Жапаровдун майрамдык салтанатка катышуусу күтүлүүдө. Президенттин аймактагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, майрамдык иш-чара саат 11:00дө Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта башталып, негизги маданий иш-чара өтөт. Расмий бөлүктөн кийин, саат 12:30дан 14:00гө чейин коноктор түшкү тамактан ырахат алышат, ал учурда салт боюнча баарына жазгы даамдуу …

Нооруз майрамынын негизги иш-чаралары Нарында өтөт Толугу менен »

Малдын ылаңына каршы жазгы эмдөөлөр башталды

Мындай билдирүүнү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Иш чаранын алкагында  кой-эчкилер оспа, бурцеллезге каршы, ал эми бодо малдар шарп, карасан, күйдүргү ылаңдарына каршы жапырт эмделет. Үй жаныбарлар: ит, мышык кутурмага каршы эмделип, эхинококкоз ылаңына каршы дегельминтизациялоо иштери башталды. Вакцинация мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт. Ветеринардык дары -дармектерди жана биокаражаттарды сатып алуу …

Малдын ылаңына каршы жазгы эмдөөлөр башталды Толугу менен »

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Бул жылдын 18- 23-март күндөрү туруксуз аба ырайына байланыштуу кар көчкү түшүү ыктымалдуулугу жогору. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эскертет: Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305 чакырымдарына кар көчкү тушүүсү мумкүн, бул жол Кара-Үңкүр тилкесине тиешелүү. Айдоочуларды  унаалардын ортосундагы 500 м аралыкты сактоосу зарыл.

Гүлсүнкан Жунушалиева депутаттык мандатын тапшырууга арыз жазды

Жогорку Кеңешке №29 шайлоо аймагынан шайланып келген Гүлсүнкан Жунушалиева депутаттык мандатын тапшырууга арыз жазды. Анын арызы 16-мартта караларын Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) кабарлады. Ал Жогорку Кеңеш ишке киришкенде Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин төрайымы болуп шайланган. Бирок төрайымдыкты 12-февралда өткөрүп берип, анын ордуна Гүлкан Молдобаева шайланган. Г. Жунушалиеванын ордуна парламентке …

Гүлсүнкан Жунушалиева депутаттык мандатын тапшырууга арыз жазды Толугу менен »

Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт

16-18-март күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 17-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоо этектерде жана тоолуу …

Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт Толугу менен »

Нарын шаардык билим берүү борборунун жетекчиси кармалды

Нарын шаарындагы билим берүү мекемелеринин жетекчилеринен мыйзамсыз мыйзамсыз акча өндүрүү фактылары аныкталды, деп билдирди, 16-мартта УКМКнын басма сөз кызматы. Анын натыйжасында Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси кармалды. Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери ар бир жетекчиден 4-5 миң сомдон талап кылышкан. Бул акча каржылык мыйзам бузууларды ачкан Эсеп палатасынын инспектору үчүн …

Нарын шаардык билим берүү борборунун жетекчиси кармалды Толугу менен »