DOLON MEDIA

“Улуттук электр тармагынын” директорунун орун басары кармалды

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун директорунун орун басары Аскат Абылаев Бишкектеги №1 тергөө абагына 2-декабрга чейин камакка алынды. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 5-октябрда караганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу” беренеси менен айып тагылган. ИИМ Аскат Абылаевге козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат бере элек. Шектүүнүн адвокаты же жакындары менен байланышууга мүмкүн болгон жок. 32 жаштагы Аскат Абылаев “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун директорунун орун басары болуп 2023-жылы сентябрь айында дайындалган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.