DOLON MEDIA

Майып

Кыргызстанга БУУнун майыптыгы бар адамдар боюнча баяндамачысы келет

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) майыптыгы бар адамдар боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграсс 23-сентябрдан 3-октябрга чейин Кыргызстанда расмий сапар менен болот. Бул тууралуу уюмдун сайтында кабарланды. Кыргыз өкмөтүнүн чакыруусу менен келе жаткан Хаграсс өлкөдөгү майыптыгы бар адамдарды коргоо чаралары, мыйзамдар менен таанышат. Ал Бишкек, Ош, Токмок жана башка аймактарды кыдырып, майыптыгы бар адамдар, жергиликтүү бийлик, тийиштүү …

Кыргызстанга БУУнун майыптыгы бар адамдар боюнча баяндамачысы келет Толугу менен »

Майыптыгы бар балдарды караган жеке көмөкчү салыктан бошотулат

Майыптыгы бар адамдарды баккан, караган адамдарды (жеке көмөкчү) патент түрүндөгү салыктан бошотуу мыйзам долбоору бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңеште 2-3-окуудан кабыл алынды. Мыйзам долбооруна ылайык, жеке көмөкчүлөр салыктан Жаңы жылдын 1-январынан тартып бошотулат. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков демилгелеген. Дайыма бир адамдын кароосуна муктаж, майыптыгы бар 18 жашка чейинки балдарды баккандар үчүн мамлекет 2019-жылдан …

Майыптыгы бар балдарды караган жеке көмөкчү салыктан бошотулат Толугу менен »