DOLON MEDIA

Согуш жүрүп жаткан аймактан кыргыз жарандары мекенине кайтып келишет

Мындай билдирүүнү президент Садыр Жапаров 3-мартта өзүнүн социалдык баракчасына жазды. Анда белгилүү болгондой Оман мамлекети аркылуу эки учак менен 300 кыргызстандыкты алып келүү макулдашылганын билдирди. Ал учактарда биринчи кезекте жаш балдар, энелер, аялдар келишет. “Бириккен Араб Эмираттарында учуп-конууга тыюу салынганына байланыштуу, Оман өлкөсү менен сүйлөшүп, эки учак жалдап 300 кишини алып кетүү боюнча макулдашууга жетиштик.

Кудай буюруп, БАЭден учуп-конууга уруксат берилсе, калган жарандарыбыздын баарын бир күндө алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет.

Баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам”-деп жазды президент С. Жапаров.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.