Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен Ашхабад шаарына жөнөп кетти.
Өлкө башчысы түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумуна катышат.