DOLON MEDIA

Парламент Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүү арызын четке какты

Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы сессиясында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын талкуусуз эле четке какты. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 24-сентябрдагы жыйынында ушундай эле токтом кабыл алган. “Кыргызстандын көз карандысыздык жылдарында бир топ кыйынчылыктар болду. Жакшысынан жаманы арбын болду. Мына ушуга биринчи президент катары Аскар Акаевдин күнөөсү бар”, – деди Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев. Аскар Акаев Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп арыз бергени 5-сентябрда белгилүү болгон. Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдан бери өлкөнү беш президент башкарды. “Экс-президент” деген расмий макам алардын экөөндө гана – Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев “экс” макамынан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декреттери, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 27-июндагы токтому менен ажыратылган.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.