DOLON MEDIA

Өндүрүш Токтонасыровдун 100 миң сом айып пулуна элден акча чогулду

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровго сот чечими менен салынган 100 миң сом айып пул элден чогулду. Бул тууралуу “Кылым шамы” уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова социалдык баракчасына жазды. Акча чогултуу демилгесин “Кылым шамы” уюму көтөргөн. “Өндүрүш Токтонасыровго салынган айып пулду чогултуу демилгесин биздин уюм кечээ кечки саат 5де жарыялаганбыз. Бир күнгө жетпей, карапайым элден 500, 1000 сомдон чогулуп отуруп, бүгүн түшкө жетпей толук топтолду. Бир аз акча ашып калды, аны Токтонасыровдун угуу аппараты бузулуп калган экен, ошонусун жаңылап берели деп чечтик. Дагы бир кошумчалап кое турган нерсе: Өндүрүш Токтонасыров ден соолугуна байланыштуу шаар сотуна апелляциялык арыз берүүдөн азырынча баш тартты. Эгер сот чечимине прокуратура даттана турган болсо, анда биз да апелляция беребиз”, – деди Азиза Абдирасулова. Айып пул укук коргоочунун адвокаттарына өткөрүлүп берилгени кабарланды.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.