Нарын шаарынын РТС чөлкөмүндөгү тоо кыркасына панорамалык эс алуу жайы курулат. Учурда панорамалык кароо жайынын долбоору толук даярдалып бүткөнүн Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.
Панорамалык эс алуу жайын куруу долбоору жалпы 20 миллион сомго бааланып, демөөрчүлөрдүн эсебинен салуу каралууда. Ал эми панорамага чыга турган тепкичтерин куруу иштери Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында каржылоо пландалууда.
Панорамалык кароо – бул жөн гана эс алуучу жай эмес, бул шаарыбыздын маданий жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен маанилүү коомдук мейкиндик. Мындай долбоорлор Нарындын инфраструктурасын жакшыртып, шаар көркүнө көрк кошуп, туризмди өнүктүрүүгө чоң салым кошот.
Долбоордо ыңгайлуу отуруучу жайлар, заманбап жарыктандыруу, коопсуз тепкичтер жана Нарындын кооз жаратылышын бийиктен көрүүгө мүмкүнчүлүк берген көрүү аянты сыяктуу бардык шарттар каралган.