DOLON MEDIA

Малдын ылаңына каршы жазгы эмдөөлөр башталды

Мындай билдирүүнү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Иш чаранын алкагында  кой-эчкилер оспа, бурцеллезге каршы, ал эми бодо малдар шарп, карасан, күйдүргү ылаңдарына каршы жапырт эмделет. Үй жаныбарлар: ит, мышык кутурмага каршы эмделип, эхинококкоз ылаңына каршы дегельминтизациялоо иштери башталды. Вакцинация мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт. Ветеринардык дары -дармектерди жана биокаражаттарды сатып алуу үчүн быйылкы жылдын бюджетинен 135 млн сом бөлүнгөн.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.