DOLON MEDIA

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча чукул жыйын өткөрдү

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн жана башка тармактык мекемелердин жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрдү. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан маалыматка караганда, кеңешмеде мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймакта калган Кыргызстандын жарандарынын абалы талкууланды. Орозбеков алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мекенге кайтаруу үчүн чукул чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, кырдаал турукташканга чейин Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга күнү-түнү тынымсыз мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.

Ал эми  ТИМ Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин билдирди.

Маалыматка караганда, 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирлигинде жүрөт. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан чабуул койду. Бириккен Араб Эмирликтеринин Коргоо министрлиги Ирандын учкучсуз кыргын салуучу учактары Абу-Дабидеги француз аскер-деңиз базасын бутага алганын билдирди. Ирандын ракеталары Араб деңизиндеги америкалык согуштук кемеге сокку урду. Пентагон бул чабуул максатына жетпегенин билдирди.Бириккен Араб Эмирликтери(БАЭ) эки күн ичинде ирандык 167 ракета асманда жок кылынганын, 35 дрон турак жайларга тийип, үч чет элдик жаран каза тапканын маалымдады. 58 киши ар түркүн жараат алышкан.

Маалымат Интернет булактарынан чогултулду

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.