Жолугушууда ал элеттеги сугат суунун тартыштыгы, мал ылаңы, айыл чарба багынтындагы насыяларды тең бөлүштүрүү сыяктуу көйгөйлөрдү укту. Андан сырткары Ат-Башы районунда өткөн жолугушууда элеттик фермерлер Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековго ветеринардык дарылардын кымбат болуп жаткандыгын айтышты. Жолугушууда министр жеке ветклиникаларды түзүү, мамлекеттик заказдарды системалуу түрдө камсыздоо боюнча тиешелүү жактарга тапшырмаларды берди. Насыялар боюнча да ишти карап чыгууну убада кылды.



