DOLON MEDIA

Дональд Трамп АКШнын президенти кызматына расмий киришти

ТАСС маалымдагандай, АКШнын 47-президенти Дональд Трамптын ант берүү аземи Вашингтондогу Конгресстин борбордук залында өттү. Ага бир катар мамлекеттердин жетекчилери жана коноктор катышты. Иш-чара ири телеканалдар аркылуу түз чагылдырылды.

АКШнын президенти кызматына киришкен Дональд Трамп администрациясына жаңы жетекчилерди дайындоо боюнча алгачкы жарлыктарга жана тескемелерге кол койгону айтылды.

Ортодогу тыныгуудан кийин мамлекеттик жогорку кызматка кайра келген 78 жаштагы Трамп 5-ноябрда өткөн АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен.

Ал биринчи жолу бул орунга 2017-2021-жылдары отурган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.