DOLON MEDIA

CIVICUS: Кыргызстан жарандардын эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн катарында

CIVICUS Monitor эл аралык уюму Кыргызстан жарандардын эркиндиги кескин төмөндөп жаткан өлкөлөрдүн тизмесинде калганын 10-июлда билдирди. Уюмдун сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, буга өлкөдө “Чет элдик өкүл тууралуу” мыйзамдын күчүнө кириши негизги себеп болду. Мындан тышкары 11 журналисттин камалышы, соцтармактардагы пикири үчүн куугунтукка алынып, соттолгон блогер-активисттердин саны өсүп жатканы да өлкөнүн эл аралык коомчулуктагы аброюна көлөкө түшүрүп жатканы жазылган. Уюм Кыргызстанды жарандардын эркиндиги кескин төмөндөп жаткан өлкөлөрдүн катарына март айында киргизген. Көп өтпөй, өлкөнүн парламенти “Чет элдик өкүл тууралуу” талаштуу мыйзамды кабыл алып, 2-апрелде президент Садыр Жапаров ал мыйзамга кол коюп, күчүнө кирген. CIVICUS менен кызматташкан Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюмунун директору Брижит Дюфур: “Чет элдик өкүл” тууралуу мыйзамдын кабыл алынышы – Кыргызстанда жарандык коомго жасалган олуттуу чабуул. Адам укуктарынын корголушуна маанилүү салым кошкон, бийликтен ачыктыкты талап кылып келе жаткан бейөкмөт уюмдар бул репрессиялык мыйзам менен куугунтукка алынуу тобокелчилигине дуушар болуп, аягында “агент” деген сөз үчүн ишмердигин токтотуп, жабылуусу ыктымал”, – деп билдирди. Уюмдун билдирүүсүндө Кемпир-Абад иши боюнча сотто акталган 20дан ашуун активист, саясатчыларга каршы прокуратура апелляциялык арыз бергени, бул аралыкта айрым блогерлердин соттолуп, камакка алынышы белгиленип, “бийлик репрессиясын улантып жатканы” айтылган. Ага мисал катары укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдун соттолушу, акын жана активист Аскат Жетигендин үч жылга кесилиши, жазуучу жана публицист Олжобай Шакирдин 5 жылга камакка алынышы жана башка журналист, блогерлерге карата бийликтин аракеттери көрсөтүлгөн. Кыргызстан Freedom House, Хьюман Райтс Уотч сыяктуу бир катар эл аралык уюмунун жаңы баяндамасында да төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.