DOLON MEDIA

Улуттук баалуулук

Нарында үч маданий жай мамлекетке өткөрүлдү

“Дордой” ассоциациясынын президенти  Аскар Салымбеков менчигиндеги 3 маданий жайды Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына өткөрүп берди. Алсак, Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында жайгашкан “Кошой-Коргон” археологиялык жана этнографиялык музейи менен район борборундагы “Дордой” спорт комплекси жана Нарын шаарындагы “AS”  көркөм сүрөт галереясы министр Атунбек Максутовдун катышуусунда өткөрүлүп берилди. Маалымат катары айтсак, “Кошой-Коргон” археологиялык жана …

Нарында үч маданий жай мамлекетке өткөрүлдү Толугу менен »

Нарын шарында ата-бабалар эскерилди

Нарын шаарында 7-8-ноябрь -Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнүнө карата  эскерүү иш-чарасы өттү. Анда кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө,  Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жеӊишине салымын кошкон Таабалды Жукеев-Пудовкиндин эстелигине гүл чамбар коюлуп, кыргыз маамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө  зор салым кошкон ата-бабаларга багышталып куран окулду. Шаар башчысы Канболот Тутуев эл-жердин корголушуна кызматын арнап, тарыхый жолдорду басып өткөн ата-балардын эмгегин баалоо, даңктоону …

Нарын шарында ата-бабалар эскерилди Толугу менен »

Үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батирдин сертификаты тапшырылды

25-октябрь  күнү Нарын шаарында жарыкка келген үч эмдин ата-энесине  президенттин атынан үч бөлмөлүү батир менен 500 миң сомдын сертификаты тапшырылды. Аны УКМкнын төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырып кыздарга өмүр каалап, ата-энесине күч кубат, бактылуу үй-бүлө болушун тилек кылып, көп балалуу болууга үндөдү. Ал эми дубан башчы Алтынбек Эргешов  35 миң сомдун сертификатын ыйгарды. Нарын шаардык мэриясы …

Үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батирдин сертификаты тапшырылды Толугу менен »

Сүйүнчү пулдун көлөмү көбөйөт

Мындан ары деңиз деңгээлинен бир миң чакырым бийиктикте жашаган үй-бүлөдө төртүнчү баланы жарыкка алып келген энелерге мамлекет тарабынан “Сүйүнчү пул” 100 миң, бешинчи баласын төрөгөндөргө  600 миң, жетинчи баланы төрөгөнгө 1 миллион,  8-9 бала төрөгөңдөргө 1 миллион 500 миң , ал эми он бала төрөгөн энелерге 2 миллион сом берилет. Бул боюнча атайын программа иштелип …

Сүйүнчү пулдун көлөмү көбөйөт Толугу менен »

Кыргызстанда “кооз датада” 208 түгөй баш кошту

Кыргызстанда 24-сентябрда 208 түгөй баш кошуп, никесин расмий каттатты. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты. Маалыматта белгиленгендей, 24.09.24 сыяктуу “кооз даталар” сүйүү менен бакыттын символу болуп калуу менен бирге, үйлөнүү тойго өзгөчө атмосфера тартуулайт. Бул күн үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү менен дал келип, ага өзгөчө маани кошот. “Үй-бүлө күнү, тынчтык, берилгендик жана бири-бирине колдоо …

Кыргызстанда “кооз датада” 208 түгөй баш кошту Толугу менен »

23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү

Бүгүн, 23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнү. Бул күн облустагы бардык окуу жайларда, китепканаларда, мекеме-ишканаларда жана мектептерде салтанаттуу белгиленип жатат. Алсак, С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасы “Кыргыз тилим-көөнөрбөс дилим” деп аталган китеп көргөзмө уюштуруп, жалпы коомчулук үчүн китепкана алдында көркөм окууларды өткөрүштү. Китепкананын тейлөө бөлүмүнүн башчысы Бурул Мураталиеванын айтуусунда, жаштар арасында  кыргыз тилинде классикалык жана тарыхый  чыгармаларды окугандар …

23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү Толугу менен »

Кыргыз тилин үйрөнүү боюнча тиркеме иштелип чыкты

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия “Кыргызча оңой”/“Easy Kyrgyz” деп аталган кыргыз тилин үйрөнүү боюнча мобилдик тиркеме иштеп чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев тиркемеде орус, англис тилдүүлөргө кыргыз тилин жеңил үйрөнүү шарты каралганын билдирди. Тиркеме бардык системадагы смартфондорго жеткиликтүү. 2023-жылы 17-июлда Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” …

Кыргыз тилин үйрөнүү боюнча тиркеме иштелип чыкты Толугу менен »

Көлдүн театры Нарын облусунда

23-24-сентябрда Ысык-Көл облусунун Касымаалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театры Нарын облусуна келип өз өнөрлөрүн тартуулашат. Аталган театр С. Раевдин “Күн кармаган бала”, Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” спектаклдерин теңиртоолуктарга тартуулашат. Спектаклдер эки сеанс менен коюлат, билеттин баалары күндүзгү сеансттар 100 сом, ал эми кечки сеанстар 200 сомдон сатылууда. Ушул эле спектакль 27-28-сентябрда Кочкор районунда көрсөтүлөт. Көрүүчүлөрдүн …

Көлдүн театры Нарын облусунда Толугу менен »

Ат-Башы: Босогодо кыргыз салттары көргөзүлдү

“Тушоо кесүү”, “Келин алуу”,”Бала бешикке” салуу сыяктуу кыргыз салттары Босого жайлоосунда өтүп жаткан кош фестиваль алкагында көрсөтүлдү. Алсак, Ат-Башы районундагы беш айыл өкмөтү “Тушоо кесүү”, “Келин алуу”, “Бала бешикке” салуу сыяктуу беш салтты  көрсөтүп, келген меймандардан бата алышты. Ошондой эле бул салттар жана беш бармак даярдоо калыстардын санына коюлду. Бул салттар Босого жайлоосунда өткөн “Кыргыз …

Ат-Башы: Босогодо кыргыз салттары көргөзүлдү Толугу менен »

Ат-Башы: Унутта калган азыктар көргөзмөдө

Кыргыз элинин унутта калып бараткан “Көжө”, “Эжигей”, “Той шербет”, “Калыгул жарма”, “Шырылдак сорпо”, “Жуурат” деген улуттук тамак-аштары жана суусундуктары Босого жайлоосунда өткөн “Кыргыз даамы-2024” этнофестивалы алкагында көргөзмөгө коюлуп калыстардын сынынан өттү. Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү Ырысбүбү Мөндүрбаева былтыркы жылга караганда быйыл сынакка катышкандар изденип, улуттук тамак-аштардын изилдеп, унутта калып бараткандарын жасап келгенге аракет …

Ат-Башы: Унутта калган азыктар көргөзмөдө Толугу менен »