DOLON MEDIA

Спорт

Нарын шаарына күрөш комплекси курулат

Нарын шаарындагы Алма-Бак сейил багынын ичине С.Бекмамбетов атындагы спорт мектебине караштуу күрөш менен машыктыруучу комплекс курулат. Бүгүн, 4- ноябрда комплекстин курулушуна МинКабдын Төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев капсула салды. Анда ал спортчуларды  жаман иштерге аралашпоого чакырып, өлкөнүн туусун көтөрүп кыргыз элин  дүйнөгө тааныткан спортчулар чыгышына тилек кылды. Эки кабат болуп салына турган спорт …

Нарын шаарына күрөш комплекси курулат Толугу менен »

К.Ташиев: “Нарындан күчтүү футболчулар чыгат”

Бүгүн, 4-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарынга болгон иш сапарында Нарын шаарынын чок ортосунда орун алган “Ала-Тоо” стадионунун абалын жеринде көрдү. Ал 1975-жылы пайдаланууга берилген стадиондо жасалчу жумуштар арбын экенин белгилеп, стадион келерки жылы капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жаш футболчулар үчүн  шарттар жакшыра турганын билдирди. Ошондой эле ал стадионго катарлаш жайгашкан мурдагы “Соң-Көл” кино театры дагы …

К.Ташиев: “Нарындан күчтүү футболчулар чыгат” Толугу менен »

Ат-Башы: Карылар үчүн машыгуу залы ачылды

Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында  карылар үчүн машыгуу борбору ачылды. “Улуу Муун”  деп аталган  борбор Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин  колдоосу менен  уюшулуп, улгайган  жарандарга кам көрүү максатын көздөйт. Аны менен катар эле алардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө,  ден соолугуна  кам  көрүүгө   шарт түзүүгө, сергек жашоо мүнөзүн жайылтууга көмөк көрсөтөт. Борбор  370 миң сомдук спорттук …

Ат-Башы: Карылар үчүн машыгуу залы ачылды Толугу менен »

Ак-Талаа: Султан Соң-Көлдү алты саатта сүзүп өттү

Спортсмен Жумабек уулу Султан Соң-Көл көлүн 6 саатта сүзүп өтүп, жалпы 11,5 чакырым аралыкты багынтты. Ал  “Ворлд Класс” фитнес клубунун мүчөсү.Бул тууралуу Ак-Талаа райондук администрациядан билдиришти. Анын  Соң-Көл көлү аркылуу сүзүп өтүүсүн уюштурууга жана коопсуздугун камсыздоого райондук администрациясынан, райондук ички иштер бөлүмүнөн, райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун тез жардам бөлүмүнөн тиешелүү кызматкерлер жана  №16- Нарын …

Ак-Талаа: Султан Соң-Көлдү алты саатта сүзүп өттү Толугу менен »

Айсулуу жарым финалда күрөшөт

Париждеги Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекова жарым финалга жолдомо алды. 62 кг чейинки салмак категориясында Айсулуу Тыныбекова чейрек финалда АКШнын балбаны Кайл Миракл менен кез келип, жеңишке татыды. Буга дейре Айсулуу Тыныбекова 1/8 финалда нигериялык спортчу Эстер Колаволе менен күрөшүп, аны 4:1эсебинде уткан. Эми Тыныбекова жарым финалда украиналык Ирина Коляденко менен күрөшөт. Жарым финалдык беттештер Бишкек …

Айсулуу жарым финалда күрөшөт Толугу менен »

Казакстан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чыгымдарын кыскартат

Казакстан келерки жылы өтүүгө тийиш болгон “Келечектин оюндары” деген эл аралык спорттук мелдешин 2026-жылга жылдырды. Мындай чечим суу ташкынына байланыштуу  каржылык үнөмдөө зарылдыгынан улам кабыл алынганы айтылды. “Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу жана жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү үчүн каражаттарды үнөмдөө максатында имидж түзүүчү жана башка ири иш-чаралардан баш тартууга буйрук берди”, – …

Казакстан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чыгымдарын кыскартат Толугу менен »

Айсулуу Тыныбекова Хорватияда рейтингдик мелдеште алтын алды

12-январда кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Хорватияда өтүп жаткан Zagreb Open рейтингдик мелдешинде алтын медал алды. 62 кг чейинки салмак ченинде ал финалда АКШдан келген балбан кыз Кайла Мираклды 7:0 эсебинде утту. Ага чейин АКШлык дагы бир балбан кызды, андан кийин Кытайдын, Орусиянын, Жапониянын спортчуларын утуп финалга чыккан. Бул Айсулуу Тыныбекованын 2024-жылдагы биринчи эл аралык …

Айсулуу Тыныбекова Хорватияда рейтингдик мелдеште алтын алды Толугу менен »

Азия Кубогу-2024: Кыргызстандын футбол командасы Дохага барды

Кыргызстандын футбол курама командасы Азия Кубогу-2024 мелдештерине катышуу үчүн 6-январда Катардын Доха шаарына барды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмеси кабарлады. Кыргызстандын тобу ушуну менен экинчи ирет Азия Кубогуна катышмакчы. Буга чейин башкы машыктыруучу Штефан Таркович Катарга жаңыланган, жаш команданы алып барары белгилүү болгон. Курамдын лидери деген бир нече оюнчу, анын ичинде Алимардон Шүкүров жараатынан улам …

Азия Кубогу-2024: Кыргызстандын футбол командасы Дохага барды Толугу менен »

Ат чабыштын алдынкыларын Президент сыйлады

2-октябрда Кочкор районунда кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө чон салым кошкон Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдыгын респубоикалык денгээлде белгиленди. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров да катышты. Мааракеде кунан чабыш, жорго салуу жана аламан ат чабыш болду. Аламан байгеде биринчи болуп Каракыз аттуу күлүк келди, аттын ээси Н. Керимбеков, чабандес Дөөлөт Тополонбаев байгеге Бишкек шаарынан эки бөмөлүү …

Ат чабыштын алдынкыларын Президент сыйлады Толугу менен »

Ормон Хандын 230 жылдыгында ат чабыш болот

Үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында Нарын облусунун Кочкор районунда Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдык ммарекеси өтөт. Мааракеде маданият кызматкерлеринин концерти, спорттук оюндар менен ат чабыш болот. Уюштуруучулардын айтымында ат чабыш оюндары 2-октябрда, саат 10 до Кочкор районунун Орто Токой аймагында өтөт.Алгач кунан чабыш, аламан ат чабыш, жорго салдыруу болот. Бул оюндарга катышуу үчүн атайын каттоодон өтүү …

Ормон Хандын 230 жылдыгында ат чабыш болот Толугу менен »