DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

Жумгал: Ата-Баланы издөө уланууда

Өрнөк айылында  ата-баланын мал кайтарууга кеткен боюнча  дайынсыз болуп жатканына бүгүн, 11-ноябрда 26 күн болду.  Бүгүн аларды издөөгө  33 адам чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай,  издөө  Кызыл-Коргон (Өрнөк) айылынын этегинен баштап, аскер көпүрөсүнө чейин  жүргүзүлөт. Издөөгө чыккан куткаруучулар, жергиликтүү тургундар жана райондук ички иштер органдарында  4 рация, 2 дүрбү, 1 куткаруу унаасы бар.

Жумгал: Ата-баланы издөөгө 14 адам тартылды

Жумгал районунда дайынсыз жоголуп жаткан ата-баланы издөө иштери уланууда. Бүгүн, 8-ноябрь күнү ӨКМдин Жумгал райондук №43 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 4 адам, жалпы 14 адам чыкты. Ошондой эле 6 рация, 2 дүрбү, 1 Toyota Hailux АСМ тартылды. Белгилей кетсек, 16-октябрь күнү Өрнөк айылынын  45 жана 9 жаштагы тургундары мал …

Жумгал: Ата-баланы издөөгө 14 адам тартылды Толугу менен »

Нарын дарыясына түшүп кеткен кызды издөө иштери уланууда

Нарын дарыясына секирип кетип, дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кызды издөө иштерине бүгүн, 8-ноябрда ӨКМдин Нарын шаардык №16 ӨК бөлүмүнөн 10 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨК бөлүмүнөн 7 куткаруучу, 20 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 21, жалпы  58 адам тартылды. Шаардык ӨКБ Куланактан баштап Учкун, Пионер, 8-Март айылдарына чейин Нарын дарыясын жээктеп, издөө иштерин жүргүзсө, Ак-Талаа №47 ӨКБ …

Нарын дарыясына түшүп кеткен кызды издөө иштери уланууда Толугу менен »

Мэр журналисттерди куттуктады

Бүгүн, 7-ноябрь-Маалымат жана басма сөз күнү. Бл күндүн урматына Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жана вице-мэр Элнура Асангазы кызы кесип ээлерин майрамы менен куттуктап, УТРК Нарын телерадиокомпаниясынын кабарчысы Наргиза Жумадил кызы менен оператору Жолдошбек Курманбековго Ардак грамота тапшырды. Анда калаа башчы УТРК Нарын телерадиокомпаниясы Нарын шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү кадамдарын чагылдырып, элге жеткирүүдөгү чоң салымын белгилеп, …

Мэр журналисттерди куттуктады Толугу менен »

Кыргыз журналистикасына 100 жыл

Бүгүн, 7-ноябрь-Маалымат жана басма сөз күнү. Бул күнү Кыргыз журналистикасына 100 жыл толду. 7-ноябрь 1924-жылы кыргыз тилдүү туңгуч “Эркин Тоо”, азыркы “Кыргыз туусу” гезитинин алгачкы саны жарыкка чыккан. Бул дата 1993-жылы өкмөттүн токтому менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын, радио, телеберүү жана  басмакананын бардык кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары бекитилген. Расмий эмес түрдө “төртүнчү бийлик” деп аталган журналисттердин …

Кыргыз журналистикасына 100 жыл Толугу менен »

Нарын шарында ата-бабалар эскерилди

Нарын шаарында 7-8-ноябрь -Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнүнө карата  эскерүү иш-чарасы өттү. Анда кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө,  Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жеӊишине салымын кошкон Таабалды Жукеев-Пудовкиндин эстелигине гүл чамбар коюлуп, кыргыз маамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө  зор салым кошкон ата-бабаларга багышталып куран окулду. Шаар башчысы Канболот Тутуев эл-жердин корголушуна кызматын арнап, тарыхый жолдорду басып өткөн ата-балардын эмгегин баалоо, даңктоону …

Нарын шарында ата-бабалар эскерилди Толугу менен »

Жумгал: Дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө уланууда

Жумгал районунда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө уланууда. Бүгүн, 6-ноябрда жалпы 14 адам издөөгө чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда райондук №43 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 7 куткаруучу, райондук ички иштер бөлүмүнөн 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылды. Маалымат үчүн белгилесек,  мал кайтаруу үчүн жайлоого кеткен ата-бала 16-октябрдан бери дайынсыз болууда. Издөө …

Жумгал: Дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө уланууда Толугу менен »

Нарын облустук прокуратурасына жаңы имарат курулат

Нарын  облустук  прокуратурасына жаңы имарат салынат. Бүгүн, 6-ноябрда анын  курулушуна капсула салынды. Иш-чарада Башкы прокурор Максат Асаналиев прокуратура кызматкерлерине мамлекеттик укуктук тутумун чындоо, элдин ишенимин кайтаруу, өлкө аймагында мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча өзүнүн конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткаруу талабын коюп, мындан ары кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга, социалдык жактан коргоого көңүл бурулаарын билдирди. Нарын областынын прокуратурасынын …

Нарын облустук прокуратурасына жаңы имарат курулат Толугу менен »

Ак-Талаа: Интернет шылуундардан сак болуңуз!

Баетов айылынын 40 жаштагы тургуну А.З интернет шылуундардын торуна илинген. Айтымында,  ишемби күнү эртең мененки саат 9дарда ага бейтааныш номерден аудиочалуу болуп, анда  чалган адам орус тилинде өзүн Нурбулатов Нариман деп тааныштырган. “Майор Нариман Нурбулатовмун ИИМден чалып жатам. Сиздин наамыңызда башка бир адам 200 миң сом  өлчөмүндө Улуттук  банктан насыя алыптыр. Ошол адамды эми кармашыбыз …

Ак-Талаа: Интернет шылуундардан сак болуңуз! Толугу менен »

Ашууларда унаа тыгындары жок

Нарын облусунун аймактарындагы ашууларда унаа тыгындары жок. Бул тууралуу Жол чарба департаменинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнөн алынды. Маалыматка караганда, жолчулар түнү менен иштеп кооптуу тилкелерде жана ашууларда кезметте болушууда.  Алсак, Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Ак-Бейти-Түз-Бел- Торугарт ашууларында кар 20 см жетти. Жолду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүрүп,  №957-Жол тейлөө ишканасы иш алып барууда. Ал …

Ашууларда унаа тыгындары жок Толугу менен »