Ат-Башы: Малчылардын көйгөйү чечилди
Малчылардын көйгөйүнө айланган Жаңы-Жер жайлоосуна көпүрө жана жол салынды. Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер жайлоосуна бара турчу жол жана көпүрө салынып, колдонууга берилди. Бул үчүн Казыбек айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1 миллион 200 миң сом бөлүнгөн. Ал эми Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан керектүү курулуш материалдары берилип, куруу жумуштарын Казыбек-Кара-Коюн муниципалдык ишканасы жүргүздү. Салынган жолдун узундугу …