DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

Жумгал: Кыргыз-тажик чек арасында окко учкан жоокердин айкели тургузулду

2022-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы  куралдуу кагылышууда окко учкан Иманбек уулу Жеңиштин айкели Чаек айылында тургузулду. Мекен үчүн жан берген жоокердин эстелиги ЖК төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиевдин демилгеси менен тургузулуп, гүл чамбар коюлуп, куран окулуп, эрдиги эскерилди. Ал акыркы жолу КР Куралдуу күчтөрүнүн Чек ара кызматынын №2022  Аскер бөлүгүнүн Баткен отрядынын Капчыгай чек ара заставасында …

Жумгал: Кыргыз-тажик чек арасында окко учкан жоокердин айкели тургузулду Толугу менен »

Ат-Башы: 25 миллион сомго 6 чакырым канал ремонттолду

Ат-Башы районунда 1400 гектар  айдоо аянтына үзгүлтүксүз сугат суу жеткирүү үчүн алты чакырым канал курулуп, пайдаланууга берилди. Жаңы ишке кирген канал райондун Кара-Суу жана Кара-Булуң айылдарынын дыйканчылык талааларын сугат суу менен камсыздайт. Анын курулушу 2023-жылы башталып өлкө казынасынан 25 млн. сом сарпталган. Бөлүнгөн бул суммага курулушка керектелүүчү материалдар алынса, жумуштары айыл тургундарынын күчү менен жүзөгө …

Ат-Башы: 25 миллион сомго 6 чакырым канал ремонттолду Толугу менен »

Нарын: 3100 чакырым канал канча сомго ремонттолду?

Азык-түлүк коопсуздугун алдын-алуу жана дыйкандарды сугат суусу менен жетиштүү камсыздоо үчүн  “Байменде” каналынын 3 чакырым 100 метри оңдоп-түздөөдөн өткөрүлдү. Маалыматка караганда, Нарын районуна караштуу Чет-Нура жана Ак-Кыя айылдарынын  400 гектардан ашык айдоо аянтын сугат суу менен камсыз кылган каналдын ремонтуна  мамлекет тарабынан  6 миллион 600 миң сом бөлүнүп, каналдын 2 чакырым 300 метри механикалык тазалоодон …

Нарын: 3100 чакырым канал канча сомго ремонттолду? Толугу менен »

Жолдордо абал кандай?

Нарын облусунун  бардык аймактарында кар жааган кардын калыңдыгы 3, айрым жерлерде 5 сантиметрге жетти.  Жол тейлөө мекемелеринин жолчулары ашууларда, жолдун кооптуу тилкелеринде кезметте болуп, иштеп жатышат. Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнүн башчысы Кубан Токобаев, унаа жолдордо каттам бар экенин билдирип, бирок лоор жүк ташыган унаалар ашууларда тыгын жаратып жатканын айтты. “Оор жүк ташыган …

Жолдордо абал кандай? Толугу менен »

Нарын: 5 миллион сомго мектеп ремонттолду

Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эчки-Башы айылындагы Жусуп Иманалиев атындагы орто мектепте капиталдык ремонт иштери жүргүзүлдү. Бул үчүн  5 миллиион 847 миң сом жумшалды. Каражаттын  3 миллион сому республикалык бюджеттен каржыланса, 2 миллион 847 миң сом айыл өкмөттүн өздүк салымы.

Ат-Башы: 25 миллион сомго канал курулду

Ат-Башы районунда 1400 гектар  айдоо аянтына  сугат суу жеткирген алты чакырым канал курулуп бүттү. Бул канал аркылуу райондун Кара-Суу жана Кара-Булуң айылдарынын дыйканчылык талааларына сугат суу барат. Анын курулушу 2023-жылы башталып өлкө казынасынан 25 млн. сом сарпталган. Бөлүнгөн бул суммага курулушка керектелүүчү материалдар алынып, курулуш иштери ашар жолу менен буткөн.  Алардын эмгек акысына Бүткүл Дүйнөлүк …

Ат-Башы: 25 миллион сомго канал курулду Толугу менен »

Нарын: 166 гектар мыйзамсыз пайдалануудагы жер аныкталды

Нарын району боюнча  айыл тургундары тарабынан мыйзамсыз колдонууда жүргөн 166,2 гектар жер айыл өкмөттөр тарабынан такталган. Бул тууралуу Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Салтанат Белекова билдирди. Анын айтуусунда,  Чет-Нура айыл өкмөтүнөн 13 гектар, Эмгек-Талаа айыл аймагынан 9 гектар,  Дөбөлү айыл аймагынан 7,80 гектар,  Жан-Булак айыл аймагынан 30 гектар, Учкун айыл аймагынан …

Нарын: 166 гектар мыйзамсыз пайдалануудагы жер аныкталды Толугу менен »

Жумгал: 35 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан баланы издөө уланууда

Миң-Куш айыл аймагынын Өрнөк айылында мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болуп жаткан  9  жаштагы баланы издөө уланууда. Бүгүн, 20-ноябрда Көкөмерен дарыясынан издөө иштерин улантууга Жумгал райондук №43 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн  4 куткаруучу тартылды. Белгилей кетсек, ушул жылдын 16-октябрында Өрнөк айылынын тургундары ата-бала мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат ӨКМге 19-октябрда түшкөн. 14-ноябрь …

Жумгал: 35 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан баланы издөө уланууда Толугу менен »

Калаадагы мыйзамсы курулган курулуштар алынууда

Нарын шаарында мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда. Мындай жумуштар 64 аймагында аткарылып жатат. Жер аянттарын боштотуу иштери Нарын дарыясынын жээгине аллея салуу менен суу жээгин коопсуздандыруу жана инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жасалууда. Долбоорду ишке ашуруу 2025-жылдын жаз-жай мезгилдерине пландалып жатат.

 Нарын: Аз камсыздарга кара отун таратылды

Нарын  районунда  10 миң 242 түтүн  аз камсыз, жардамга муктаж үй-бүлө бар. Күз-кыш мезгилинде аларды көмүр отун менен камсыздоо максатында айыл өкмөттөр акысыз көмүр жеткирип беришет. Нарын райондук мамлкекттик администрациясынан билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата  Жан-Булак  айыл өкмөтүндө 33, Миң-Булак  айыл өкмөтүндө 72, Эмгек- Талаа  айыл өкмөтүндө 10 үй-бүлөгө, жалпы 62.5 тонна  көмүр түшүрүлдү.