DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

Апрель элдик революциясына 16 жыл

Бүгүн, 7-апрелде  Апрель Элдик революциясына 16 жыл толду.  2010-жылдын 7-апрелинде  Кыргызстанда   Курманбек Бакиев башында  турган  бийлик  ыңкылап жолу менен кулаган.  Анда  Бишкектин борбордук  аянтында  нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, 87 кишинин өмүрү кыйылып, жүздөгөн демонстранттар оор жарааттарды алышкан. Апрель Элдик революциясынын 16 жылдыгы Нарын шаарындагы “Тянь-Шань”  паркында  апрель ыңклабында курман болгон эр азаматтардын элесине …

Апрель элдик революциясына 16 жыл Толугу менен »

Нарында 0,239 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Өткөн жылы Нарын областынын прокуратура органдары тарабынан 0,239 гектар жер аянттары мамлекетке кайтарылган.  Бул тууралуу Нарын облустук прокуратурасынан алынды. Маалыматка караганда, 2025-жылы мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыктарын  коргоо максатында жалпы 110  доо арыздар келтирилген. Анын көпчүлүгү жер мыйзамы боюнча кемчиликтерди жоюу, укуктук актыларды жокко чыгаруу тууралуу болгон. Алардын ичинен  эң көбү Жумгал райондук прокуратурасына 74 арыз …

Нарында 0,239 гектар жер мамлекетке кайтарылды Толугу менен »

Нарында киши өлтүрүү боюнча 12 жыл мурун катталган кылмыштын бети ачылды

Нарын районунда киши өлтүрүү боюнча  кылмыш иши ачылып, шектүү кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматынан алынды. Маалыматка караганда, 2014-жылдын 24-май күнү Эмгек-Талаа айылынын тургуну, 1976-жылы туулган Н.А. үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбей калгандыгы тууралуу арыз түшүп, кылмыш иши козголгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2014-жылдын 24-майынан 25-майына караган түнү маркум менен анын жакын тууганынын …

Нарында киши өлтүрүү боюнча 12 жыл мурун катталган кылмыштын бети ачылды Толугу менен »

40 казан сүмөлөк кайнатылат

Нарын шаарында Нооруз майрамынын алкагында “Мыкты сүмөлөк” сынагы өтөт. Ага  облустагы ар бир район катышып, жалпы 40 казан сүмөлөк кайнатылат. Сынакка “Кыргыз биримдик” коомдук бирикмеси жана “Тапсаң сеники” долбоорунун негиздөөчүлөрү демөөрчү болуп, уюштуруу иштерине 1 миллион 500 миң сом жумшашууда. Эң даамдуу жана нак сүмөлөк деп табылган “Мыкты сүмөлөккө”  акчалай байгелер берилет. Уюштуруучу Дана Абдыбекова  …

40 казан сүмөлөк кайнатылат Толугу менен »

Ак-Талаада мыйзамсыз балык кармагандарга айып салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ак-Талаа районунда мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды. Маалыматка караганда. жаратылыш сакчылары  райондун  Кара-Суу жана Мыкачы аймактарында  эки күндүк рейд өткөрүшкөн. Анын жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулап жүргѳн 8 жаран кармалып, КР Укук бузуулар кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, 8 мин сом айып салынган.

Нарында Нооруз кандай белгиленет?

Нарын шаарында быйыл Нооруз майрамы өлкө жетекчилигинин катышуусунда республикалык денгээлде өзгөчө белгиленет. Учурда ага карата кызуу даярдык көрүлүп, мамлекет тарабынан ар тараптуу  колдоолор көрсөтүлүүдө. Алсак, калаабыздын борбордук бөлүгүндөгү имараттарда ондоп-түзөөлөр, парктарда, көчөлөрдө жарыктандыруу иштери жасалды. Атайын техникалар алынып келинди. Маданий иш-чаралар Маданият, маалымат  жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп, Нооруздун театралдаштырылган оюн-зоок программасына 500дөй  маданият …

Нарында Нооруз кандай белгиленет? Толугу менен »

Саякатчылар 40 чакырм жолду басып өтүштү  

“Gallops Кыргызстан- 2025” долбоорунун алкагында Жумгал районунун Кызарт  айылынан чыккан 80 саякатчы Сөң-Көл жайлоосуна чейинки 40 чакырым жолду ийгиликтүү  басып өтүп, Сөң-Көл көлүнө  келишти. Жолдо бир нече тыныгуулар жана эс алуулар уюштурулду. Европа мамлекетинен келген туристтер үчүн Сөң-Көл  жээгинде улуттук ат оюндары уюштурулуп, алар, кыз куумай, тыйын экмей жана Көк-Бөрү оюндарына күбө болушту. Ошондой эле …

Саякатчылар 40 чакырм жолду басып өтүштү   Толугу менен »

Ат-Башы: “Кыргыз шырдагы” 16-жолу өттү

28-29-июнь күндөрү Нарында салтка айланган “Кыргыз шырдагы” фестивалы  Ат-Башы районунун Сары-Тал жайлоосунда өттү. Элдик  салттуу маданий  мурастарды сактоо, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, салттуу билимдерди жандандыруу менен Кыргызстанды туризмдин  аймагына  айландыруу максатындагы эл аралык фестиваль быйыл 16- жолу болду. Эл аралык фестиваль “Кыргыз даамы” фестивалы жана “Хан Кошой” эл аралык  мелдеши менен коштолду.  

УКМК төрагасы К.Ташиев Нарын шаарында  жыйын өткөрдү

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Нарын шаарына барып, жыйын өткөрдү. Аталган жыйынга КР Президентинин Иш башкармасынын жетекчиси К.Туманбаев, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эргешов Алтынбек, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Нарын облусунун райондук, …

УКМК төрагасы К.Ташиев Нарын шаарында  жыйын өткөрдү Толугу менен »

Селден 45 үй жабыркады, зыяндары эсептелүүдө

Ушул жылдын 22-июнь күнү Нарын шаарында кыска убакытта нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен тоо  коктуларынан түшкөн сел суулары  Ак-Коргон, Интернат аймактарында турак жайларды, көчөлөрдү каптаган.  Кыян суу 45 турак жайдын короолорун каптап,  дубалдарын кулаткан. Мунун ичинен эки үйгө кыян суу кирген. Суу каптаган үйлөрдүн 14ү камсыздандырылган. Сел жүргөн аймакка Нарын шаары жана Нарын району боюнча өзгөчө …

Селден 45 үй жабыркады, зыяндары эсептелүүдө Толугу менен »