DOLON MEDIA

Кылмыш

13-майдагы мушташка шектүүлөр кармалды

Бишкектеги жатаканада чет элдик жарандарды карактоого шектүүлөр аныкталып, камакка алынды. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, жатаканадагы окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (“Каракчылык”) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада каракчылык кылган адамдар такталып, алар: 2006-жылы туулган М.Н., 2005-жылы туулган Ш.Т., 2005-жылы туулган Н.Б. аттуу жарандар экендиги аныкталган. Үчөө тең кылмыш жасады деген …

13-майдагы мушташка шектүүлөр кармалды Толугу менен »

Президент чет элдик студенттерди сабагандар жазага тартыларын айтты

Президент Садыр Жапаров 18-майга караган түнү Бишкекте болгон чуулгандуу окуяга байланыштуу алгачкы кайрылуусунда “эгерде мындан ары ушундай окуя кайталанса, укук коргоо органдары дароо күч менен тарката турганын” айтып, чет элдик студенттерди сабагандар жазага тартыларын убада кылды. “Албетте, башталышында студенттер жашаган жерлерге барып кол салып жиберген тентектер болду. Аларды өз убагында токтотуп калганга жетиштик. Эми алардын …

Президент чет элдик студенттерди сабагандар жазага тартыларын айтты Толугу менен »

Бишкектеги окуядан 30дай адам жабыркаганы кабарланды

Саламаттык сактоо министрлиги 18-майга караган түнү Бишкекте катталган окуяларда жабыр тарткандар тууралуу “Азаттыкка” маалымат берди. Маалыматка ылайык, 17-майдын кечинде борбордогу жаңжалда 28 адам жараат алды. Жабыр тарткандардын теңинен көбүнүн аты-жөнү жазылган, калганы ысымдары көрсөтүлгөн эмес. Аты-жөнү жазылгандардын бир тобу чет элдиктер экени, бир бөлүгү жергиликтүү жарандар экени көрүнүп турат. Колго тийген маалыматтарга ылайык, жараат алгандардын …

Бишкектеги окуядан 30дай адам жабыркаганы кабарланды Толугу менен »

Чет өлкөдөгү тергөө абактарында 788 кыргыз жараны сот чечимин күтүүдө

Чет мамлекеттердеги тергөө абактарында Кыргызстандын 788 жараны сот чечимин күтүп отурат. Алардын 742си Орусияда. Бул тууралуу 16-майда Жогорку Кеңеште юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди. “Башка статистикаларга токтоло турган болсом, Түркияда 13, Тажикстанда 9, Казакстанда 5, Италияда 5, Венгрияда 4, Германияда 4, Египетте 2, Сауд Арабияда 2, Түштүк Кореяда бир, Чехияда бир, Францияда бир, …

Чет өлкөдөгү тергөө абактарында 788 кыргыз жараны сот чечимин күтүүдө Толугу менен »

Матраимовдун бир нече мүлкү сатыкка коюлду

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, Азербайжандан кармалып, Бишкекке алып келинген Райымбек Матраимовдун бир нече мүлкүн аукционго койду. Ал мүлктөр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) уюшкан кылмыштуу топторго жана коррупцияга каршы күрөшүнүн алкагында мамлекетке өткөн. Ага ылайык, Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин жана Аалы Токомбаев көчөсүнүн кесилишиндеги “Эгиз мунара” деп …

Матраимовдун бир нече мүлкү сатыкка коюлду Толугу менен »

Түбү кочкорлук үч жашар кыздын өлүмү боюнча соттук отурумда чыр чыкты

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда тиш дарылоо учурунда каза тапкан үч жашар кыздын өлүмү боюнча 24-апрелде башталган баштапкы соттук угуу маалында чыр-чатак чыкты. Бул тууралуу 25-апрелде аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлдөрү жана тарапташтары чыр-чатак чыгарып, соттун эмеректеринин талкалашып, айыпталуучулар менен жактоочулар жаракат алышкан. Бул факт боюнча Октябрь райондук соту, …

Түбү кочкорлук үч жашар кыздын өлүмү боюнча соттук отурумда чыр чыкты Толугу менен »

Салык кызматынын инспекторлору жемкорлукка шектелип кармалды

Мамлекеттик Салык кызматынын беш инспектору жемкорлукка шек саналып кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 24-апрелде билдиргендей, Салык кызматынын Бишкектеги Биринчи Май райондук башкармалыгынын инспекторлору Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгү (“Адамдар тобу тарабынан пара алуу”) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түштү. Алар салык маселелерин чечүү үчүн видеобайкоо коюлбаган жерде такай акча алып жүргөн деп айыпталып жатат. …

Салык кызматынын инспекторлору жемкорлукка шектелип кармалды Толугу менен »

Сот Райымбек Матраимовду 26-июнга чейин камакта калтырды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 22-апрелде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасы каралып, ал 26-июнга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу соттон ырасташты. Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген. Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” …

Сот Райымбек Матраимовду 26-июнга чейин камакта калтырды Толугу менен »

УКМК издөөдө жүргөн ишкер Имамидин Ташов кармалганын кабарлады

Атайын кызмат «бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деп шектелип, издөөдө жүргөн ишкер Панфилов районунун Кайыңды айлында кармалганын кабарлады. Учурда тергөө жүрүп жатат. 10-январда УКМК “KG Group” курулуш компаниясынын жетекчиси Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын билдирген. Андан тышкары ишкерге алдамчылык боюнча 16 иш тергелип …

УКМК издөөдө жүргөн ишкер Имамидин Ташов кармалганын кабарлады Толугу менен »

Украинада каза болгон 51 миңден ашык орус аскеринин аты-жөнү такталды

“Би-Би-Синин” орус кызматы менен “Медиазона” басылмасынын журналисттери 19-апрелге карата Украинадагы согушта 51 096 орус аскери каза болгонун аныктап чыгышты. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, каза тапкандардын бери дегенде эле 43 пайызын согушка чейин армия менен байланышы болбогондор түзөт. Журналисттер согушта мерт болгондордун тек-жайын жергиликтүү бийликтердин айткандары, маркумдардын жакындары бөлүшкөн кабарлар, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардан алынган маалыматтын негизинде тактап …

Украинада каза болгон 51 миңден ашык орус аскеринин аты-жөнү такталды Толугу менен »