DOLON MEDIA

Кылмыш

Нарында киши өлтүрүү боюнча 12 жыл мурун катталган кылмыштын бети ачылды

Нарын районунда киши өлтүрүү боюнча  кылмыш иши ачылып, шектүү кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматынан алынды. Маалыматка караганда, 2014-жылдын 24-май күнү Эмгек-Талаа айылынын тургуну, 1976-жылы туулган Н.А. үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбей калгандыгы тууралуу арыз түшүп, кылмыш иши козголгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2014-жылдын 24-майынан 25-майына караган түнү маркум менен анын жакын тууганынын …

Нарында киши өлтүрүү боюнча 12 жыл мурун катталган кылмыштын бети ачылды Толугу менен »

Камчыбек Ташиев сурактан чыкты

Ал маалыматты ачыкка чыгарбоо тууралуу тил катка кол койгону кабарланды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгындагы сурагы беш саатка созулду. Бир нече басылмалар өз булактарына таянып, Ташиев маалыматты ачыкка чыгарбоо тил катына кол койгонун жазышты. Журналисттердин Ташиевге суроо берүүгө мүмкүнчүлүгү  болгон жок. Ал ИИМдин имаратынан …

Камчыбек Ташиев сурактан чыкты Толугу менен »

Ак-Талаада мыйзамсыз балык кармагандарга айып салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ак-Талаа районунда мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды. Маалыматка караганда. жаратылыш сакчылары  райондун  Кара-Суу жана Мыкачы аймактарында  эки күндүк рейд өткөрүшкөн. Анын жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулап жүргѳн 8 жаран кармалып, КР Укук бузуулар кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, 8 мин сом айып салынган.

Нарын шаардык билим берүү борборунун жетекчиси кармалды

Нарын шаарындагы билим берүү мекемелеринин жетекчилеринен мыйзамсыз мыйзамсыз акча өндүрүү фактылары аныкталды, деп билдирди, 16-мартта УКМКнын басма сөз кызматы. Анын натыйжасында Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси кармалды. Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери ар бир жетекчиден 4-5 миң сомдон талап кылышкан. Бул акча каржылык мыйзам бузууларды ачкан Эсеп палатасынын инспектору үчүн …

Нарын шаардык билим берүү борборунун жетекчиси кармалды Толугу менен »

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев кармалды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев камакка алынганы 11-мартта кабарланды. Маалымат атайын кызматтагы булактар аркылуу ырасталды. Ал кайсы иш боюнча кармалганы азырынча белгисиз. Учурда Конгантиев УКМК нын убактылуу кармоочу жайында экени дагы малымдалууда. Бир күн мурда, 10-мартта ал депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу боюнча арыз берип, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) отурумга катышкан 10 мүчөсү бир добуштан …

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев кармалды Толугу менен »

Журналист Алтынай Арстанбекова кармалганы айтылууда

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналист Алтынай Арстанбекованы кармаганы кабарланды. Бул тууралуу айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жазып, социалдык баракчаларда активдүү таратышууда. Бирок  ИИМ маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок. Ачык булактарга таянсак, А. Арстанбековага социалдык тармактарда фейк баракчадан чыккан постторго байланыштуу кылмыш иши козголгон. Мунун алдында Фейсбукта эркек кишинин аты менен ачылган баракчаны Алтынай Арстанбекова …

Журналист Алтынай Арстанбекова кармалганы айтылууда Толугу менен »

Эки айда 56 адам онлайн алдамчылыкка дуушар болду

Нарын облусунун аймагында өткөн жылы интернет желесин колдонуу аркылуу 58 алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Онлайн алдамчылыкка кабылгандар жалпы 7 миллион 714 миң 586 сомдук зыянга дуушар болушкан. Келтирилген чыгымдын 3 миллион 156 миң 244 сому өндүрүлүп, 35 фактынын бети ачылган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын эки айында 56 алдамчылык фактысы катталып, анын 13үнүн бети …

Эки айда 56 адам онлайн алдамчылыкка дуушар болду Толугу менен »

Махабат Тажибек кызынын соту дагы жылды

Журналист камакта жаткан Махабат Тажибек кызынын ишин Жогорку сот бүгүн, 3-мартта карамак, бирок соттук отурум 5-мартка жылды. Анын себеби соттук коллегия мүчөлөрүнүн бири сыркоолоп калганы болгондугун  журналисттин адвокаты Асел Аргымбаева билдирди.  Буга чейин  Журналисттин соту Жогорку сотто 2-февралга белгиленген, бул күнү иштин материалдары көп жана таанышып чыгуу керек деген негизде бир айга – 3-мартка жылган …

Махабат Тажибек кызынын соту дагы жылды Толугу менен »

УКМК: Элдар Жакыпбековго козголгон кылмыш иши алкагында беш киши кармалды

УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбековго козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында жалпы беш адам камакка алынды. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен иш козголуп, Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына жана шаардын тергөө абагына (СИЗО-1) камалышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Кылмыш ишин Аскер прокуратурасы козгогон. УКМК ички иликтөө жүргүзүп, алты адам атайын …

УКМК: Элдар Жакыпбековго козголгон кылмыш иши алкагында беш киши кармалды Толугу менен »

Ат-Башы: “Кыргыз шырдагы” 16-жолу өттү

28-29-июнь күндөрү Нарында салтка айланган “Кыргыз шырдагы” фестивалы  Ат-Башы районунун Сары-Тал жайлоосунда өттү. Элдик  салттуу маданий  мурастарды сактоо, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, салттуу билимдерди жандандыруу менен Кыргызстанды туризмдин  аймагына  айландыруу максатындагы эл аралык фестиваль быйыл 16- жолу болду. Эл аралык фестиваль “Кыргыз даамы” фестивалы жана “Хан Кошой” эл аралык  мелдеши менен коштолду.