DOLON MEDIA

Коом

Жетигендин сотунда анын соцтармактарга чыгарган эки видеосу көрүлдү

5-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан акын жана активист Аскат Жетигендин иши каралып, анын социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялаган эки видеосу көрүлдү. Бул тууралуу акындын адвокаты Самат Матцаков билдирип, алардын бири 2020-жылы, экинчиси 2024-жылы жарыяланган видеолор экенин айтты. Бул жолку отурумга ал видеодо айтылгандарга корутунду берген эксперттер келбей калгандыктан кийинки соттук жараян …

Жетигендин сотунда анын соцтармактарга чыгарган эки видеосу көрүлдү Толугу менен »

Саясатчы Өмүрбек Бабанов журналист Карымшаковду сотко берди

Ишкер, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов эркин журналист Эламан Карымшаковду сотко берип, 1 млн сом доо талап кылып жатканын журналист өзү Фейсбуктагы баракчасына жазды. Карымшаков буга “Фрунзе” (“Азия”) гипермаркеттер тармагынын айланасындагы чыр боюнча ишкер, аталган тармактын негиздөөчүсү Болотмамбет Жээнбековдон алган маеги себеп болгон деп эсептейт. “Бабанов сот аркылуу “ар-намысыма шек келтирди, ишкердик беделиме доо кетирди” деп менден …

Саясатчы Өмүрбек Бабанов журналист Карымшаковду сотко берди Толугу менен »

Акылбек Жапаров ЕАЭБ азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого маани берерин айтты

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга артыкчылык берип келе жатканын белгиледи. Ал бул тууралуу Беларуска иш сапарынын алкагында “Евразия экономикалык бирлигинин азык-түлүк коопсуздугу” деп аталган сессиясында сүйлөп жатып билдирди. Акылбек Жапаров ушул тапта дүйнөдө 256 миллиондон ашуун адам азык-түлүк коопсуздугу көйгөйүнө туш болгонун жана жакынкы төрт жылда …

Акылбек Жапаров ЕАЭБ азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого маани берерин айтты Толугу менен »

Президент Жапаров балдардын укуктарын коргоо уланарын айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөдө социалдык жана экономикалык теңсиздикти жоюу, жакырчылык жана зордук-зомбулук менен күрөшүү, балдардын укуктарын коргоо системасын чыңдоо жаатындагы иштер улантыларын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчынын 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата куттуктоосунда айтылган. Жапаров Кыргызстандын “Балдардын укуктары боюнча конвенцияга” кошулганына 30 жыл болгонун белгилеп, бул жылдар аралыгында ушул багыттагы бир …

Президент Жапаров балдардын укуктарын коргоо уланарын айтты Толугу менен »

Кыргыз-казак министрлери Казакстан ижарага алган пансионаттар жөнүндө сүйлөштү

30-майда Бишкекте Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Казакстандын финансы министри Мади Такиев баштаган делегациялардын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги кабарлады.      Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээли белгиленип, экономика тармагындагы бир катар маселелер талкууланды. Тараптар анын ичинде Казакстан ижарага алган, Ысык-Көл облусунун аймагындагы курорттук-рекреациялык объекттерди иштетүү жана реконструкциялоо …

Кыргыз-казак министрлери Казакстан ижарага алган пансионаттар жөнүндө сүйлөштү Толугу менен »

Бир жылда Орусиядан 13 миңден ашуун кыргызстандык депортация болду

2023-жылы 13025 кыргызстандык жана 2024-жылдын төрт айында 282 кыргызстандык Орусия Федерациясынан өз мекенине депортация болду.  ТИМ апрелдеги маалыматында чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөнүн билдирген. Бул сан 2022-жылы 837 миңдей деп белгиленген. Чет жакка иштегени чыккандардын айрымдары атайын консулдук каттоодон өтпөгөндүктөн, эксперттер иш жүзүндөгү сан расмий көрсөткүчтөрдөн айырмаланарын …

Бир жылда Орусиядан 13 миңден ашуун кыргызстандык депортация болду Толугу менен »

Аба ырайы: 30-майда Нарында жаан жаайт

30-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Нарын облусунда тункүсүн 4…9, күндүз 16…21 градус жылыйт. Бишкек шаарында …

Аба ырайы: 30-майда Нарында жаан жаайт Толугу менен »

Кайра шайлоо: үч округдан 35 киши талапкерликке арыз берди

Бишкектин бир мандаттуу Свердлов шайлоо округунан жети киши Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн арыз берди. Алардын бири аял, алтоо эркек экенин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 29-майда кабарлады. Депутаттыкка ат салышууну каалагандардан арыз 30-майга чейин кабыл алынат. Шайлоо 30-июнда болот. 2022-жылы аталган округдан мурда депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандаты быйыл апрелде жокко чыгарылган. Буга анын …

Кайра шайлоо: үч округдан 35 киши талапкерликке арыз берди Толугу менен »

Бишкекте ысык суу берүү 1-июндан тарта жанданат

Борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөргө, социалдык мекемелерге ысык суу берүү 1-июнунан тарта калыбына келет. “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы кабарлагандай, ысык суу алгач оорукана, бала бакча жана башка социалдык мекемелерге берилет. Мекеме ысык суу чыгуу кечеңдеп, маселе жаралса керектөөчүлөрдү колдоо борборуна: (0312) 61-11-69, 1980, ( 0557) 611166, (0777) 61-11-66, (0701) 61-11-66 телефондору аркылуу кайрылууга мүмкүн экенин маалымдады. Жылуулук …

Бишкекте ысык суу берүү 1-июндан тарта жанданат Толугу менен »

1-июндан тарта Ошто “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирет

1-июндан тарта “Коопсуз шаар” долбоору Ош шаарында ишке кирет.  Маалыматка ылайык, азырынча бул долбоор пилоттук негизде иштейт. Айдоочуларга айып пул жазылбайт. Ноябрь айынан тарта толук кандуу ишке кирет. Мэриянын маалымдашынча, биринчи баскычта шаарга 44 жерге көзөмөлдөөчү камера орнотулган. Эми мындан ары айдоочулар эң көп жол эрежесин бузган кесилиштерге үч буттуу камералар коюлат. Өткөн жылдын декабрь …

1-июндан тарта Ошто “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирет Толугу менен »