DOLON MEDIA

Коом

Жумгал: Балдарын көзөмөлгө албаган ата-энелер айып төлөдү

Жумгал районунда өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу максатында өткөн “Үй бүлө” деп аталган ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө балдарын көзөмөлгө албаган ата-энелерге 16 миң сомдук айып салынды. Нарын ОИИБнын маалымат кызматы, алдын алуу иш-чарасы “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча …

Жумгал: Балдарын көзөмөлгө албаган ата-энелер айып төлөдү Толугу менен »

“Нарын Шумкарлары” чемпион

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Өтмө кубогуна арналган хоккей боюнча уюшулган республикалык ачык турнир жыйынтыкталды. Эки күнгө созулган беттешке Бишкек шаарынан, Ысык-Көл облусунан жана Нарын облусунун райондорунан келген, жалпы 8 команда катышты. Мелдешке 220 миң байге коюлду. Финалдык беттеште биринчи орун үчүн Нарын шаарынын “Нарын Шумкарлары” менен Бишкек шаарынын “Кыргыз темир жол” командасы күч …

“Нарын Шумкарлары” чемпион Толугу менен »

Ат-Башы: Үч бейтапка бычаксыз операция жасалды

Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда алгачкы жолу лапароскоп аппарыты менен үч бейтаптын өтүнө операция жасалды. Операция борбор калаадагы клиникалардын мыкты профессор дарыгерлери тарабынан жасалып, ага Ат-Башы райондук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн хирург-дарыгерлеринин жамааты да катышып тажрыйба алышты. Германия өндүрүшүнөн чыккан хирургиялык жабдык калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү, операцияга болгон муктаждыктарды жеңил чечүү максатында Жапон …

Ат-Башы: Үч бейтапка бычаксыз операция жасалды Толугу менен »

Ак-Талаа: Мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөн жаран кармалды

Ак-Талаа районунда ок атуучу курал менен мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн 55 жаштагы жаран кармалган. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматы жарыялады. Маалыматка караганда, Ак-Талаа  райондук ички иштер бөлүмүнүн  кызматкери 5-февраль күнү саат 21:50 чамасында райондогу Жаңы-Талап айылынын Ак-Терек участкасында белгисиз жаран ок атуучу курал менен мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринен кармалгандыгы тууралуу 102 кызматына билдирген. …

Ак-Талаа: Мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөн жаран кармалды Толугу менен »

290 миллион сом өздөштүрүлбөй калган

Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө 1 миллиард 843 миллион 384 миң сом өлчөмүндө салыктар жана башка жыйымдар чогултулуп, план 107,1 пайызга аткарылган. Жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында дубан башчынын орун басары Адыл Сапаров облус боюнча 290 миллион 292 миң сом өздөштүрүлбөй калганын маалымдады. Бул каражаттын 19 млн 979 миң сому Ак-Талаа районуна, 49 млн 254 миң сому …

290 миллион сом өздөштүрүлбөй калган Толугу менен »

Ак-Талаа: Сарык оорусунун 21 учуру катталды

Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылында жыл жаңыргандан бери  гепатиттин А түрүнүн жаңы 21 учуру катталган. Булардын ичинен 11и мектеп окуучулары арасында, калган 10у  айыл тургундары. Нарын район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Ак-Талаа району боюнча жетекчиси Эрлан Бекишовдун маалыматына караганда,  илдет катталган аймакта бардык иш чаралар жүргүзүлүп жатканы менен илдеттин …

Ак-Талаа: Сарык оорусунун 21 учуру катталды Толугу менен »

Ат-Башы: Лапароскоп аппарыты менен үч бейтапка операция жасалды

Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда алгачкы жолу лапароскоп аппарыты менен үч бейтапка операция жасалды. Операция борбор калаадагы клиникалардын мыкты профессор дарыгерлери тарабынан жасалып, ага Ат-Башы райондук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн хирург-дарыгерлеринин жамааты да катышып тажрыйба алышты. Германия өндүрүшүнөн чыккан хирургиялык жабдык калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү, операцияга болгон муктаждыктарды жеңил чечүү максатында Жапон элчилиги …

Ат-Башы: Лапароскоп аппарыты менен үч бейтапка операция жасалды Толугу менен »

НМУда корей тили үйрөтүлөт

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университеттинде корей тили борбору ачылды. Борбор KOICA уюмунун  “Корей тили борборун куруу” долбоору аркылуу ачылып, корей тилин үйрөнүүнү калагандар үчүн жакшы шарт түзүлүп, чыгыш элинин маданияты, тилине таандык буюмдар, улуттук аспаптар жана китептер менен камсыздалган. Борбор үчүн окуу жайдан эки бөлмө берилип, ичи талаптагыдай ремонттон өткөрүлгөн. Бул үчүн  аталган уюм 20 …

НМУда корей тили үйрөтүлөт Толугу менен »

Журналист Нарын Айып дүйнө салды

Белгилүү журналист Нарын Айып 13-февралда Бишкекте 72 жашында дүйнө салды. Ал 7-каналда иштеп жаткан жеринен өзүн жаман сезип, жүрөгү кармап калганы кабарланды. Нарын Айып 1952-жылы 6-ноябрда Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1969-жылы Бишкектеги №44 орто мектепти аяктаган. 1974-жылы Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин бүтүргөн. Ал “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматы, “Res Publiсa” эркин гезити, “Кабар” …

Журналист Нарын Айып дүйнө салды Толугу менен »

Анголада холера оорусу күчөп, 100дөн ашуун адамдын өмүрүн алды

Анголада холеранын 3 402 учуру катталды. Оорунун айынан 114 адам көз жумду. Бул тууралуу  Синьхуа агенттигинин маалыматына таяныып “Кабар” агенттиги жазды. Анда белгиленгендей, 1-февралдан бери Анголада 100дөн ашуун жаңы учур катталды. Оору январь айынын башында күч алып, региондорго тез жайылып кеткен. Өзгөчө Луанда шаары жана Бенго провинциясы жабыркаганы айтылууда. Анголанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, …

Анголада холера оорусу күчөп, 100дөн ашуун адамдын өмүрүн алды Толугу менен »