DOLON MEDIA

Коом

Нарынга өрт өчүрүүчү унаалар келди

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынын базасы жаңы өрт өчүрүүчү унаалар менен толукталды. Россия мамлекетинен Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жардам катары келген  «КАМАЗ-43118”  үлгүсүндөгү  40 өрт өчүрүүчү унаанын жетиси Нарын облусуна бөлүнгөн. Бул унаалар министрликтин облустагы башкармалыгына тапшырылып, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал райондоруна  экиден берилсе, Кочкор районуна бирөө бөлүндү. Ал эми Нарын шаары менен Нарын районуна …

Нарынга өрт өчүрүүчү унаалар келди Толугу менен »

18,5 чакырым ички жолду оңдоого 133 миллион сом керектелет

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун 11-мартта Нарында болгон жумушчу сапарынын алкагында Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Нарын шаарынын ички көчөлөрүн жана Нарын-Баетов унаа жолун оңдоо долбоорлорун тааныштырды. Анын айтуусунда , Нарын шаарында 18,5 чакырым ички көчөлөрдү оңдоо пландалып, ага 133 миллион сом керектелет. Борбордук Ленин атындагы жолго  жүктү азайтуу үчүн Сагынбай Орозбак уулу көчөсүнүн айланма …

18,5 чакырым ички жолду оңдоого 133 миллион сом керектелет Толугу менен »

Эски күмбөздөрдүн орду жашылдандырылат

Жазгы жашылдандыруу иштеринин алкагында Нарын шаарындагы МДС, РТС жана Ак-Коргон чөлкөмүндөгү эски күмбөздөрдүн ордуна бак-дарактардын көчөттөрү тигилет. Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы жакынкы күндөрү калаада  жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери башталаарын билдирди. Белгилүү болгондой жазгы жашылдандыруу жумуштарынын алкагында 10 миңден ашык бак дарактардын көчөттөрүн отургузуу пландалууда. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттин, демөөрчүлөрдүн эсебинен ийне жалбырактуу жана мөмө-жемиш бактарынын …

Эски күмбөздөрдүн орду жашылдандырылат Толугу менен »

Нарын аэропорту ишке кирет

Бул тууралуу  Президенттин Нарын облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы  маалымат таратып, бүгүнкү күндө Нарын аэропортун реконструкциялоо иштери башталып, “Манас” эл аралык аэропортунун эсебинен 90 миллион сомго Нарын аэровокзалынын жаңы имараты курулуп жатканын билдирди.   “Буюрса үстүбүздөгү жылдын апрель айы менен курулуш-монтаждоо жумуштары аягына чыгат. Андан кийин учуп-конуу тилкеси реконструкцияланып, аба каттамдары ачылат. Курулуш …

Нарын аэропорту ишке кирет Толугу менен »

Шаарда укук бузган 26 бала каттоодо турат

Бул тууралуу Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Рыскелди Шайымбетов билдирди. Ал бүгүн, 9-мартта №1 Т.Сатылганов атындагы орто мектепте балдар арасындагы укук бузууларды алдын алуу максатында уюштурулган окуу семинарга катышып, үй-бүлөдөгү чыр-чатактардын балдарга тийгизген таасирине токтолуп, статистикада балдар арасындагы  кылмыштуулук, зордук зомбулук жана укук бузуу фактлары социалдык жактан жабыркаган үй-бүлөнүн балдары арасында катталып …

Шаарда укук бузган 26 бала каттоодо турат Толугу менен »

Жол эрежесин бузган айдоочуларга жаза катаалдашат

Кыргызстанда мындан ары жол эрежесин бузган айдоочулар үчүн жаза чарасы катаалдашып, айып пулдардын өлчөмү көтөрүлөт. Бир жылдын ичинде үч жолу же андан көп жол эрежесин кайталап бузган айдоочулар кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлсө, мас абалында рулга отурган айдоочулар бир жылга айдоо укугунан ажыратылат, эгерде бир жыл ичинде кайра кайталанса үч жылга чейин унаа айдоо укугунан ажыратылат. …

Жол эрежесин бузган айдоочуларга жаза катаалдашат Толугу менен »

Энелер коомдун тарбиячысы болууга жаралган

Ак-Талаа районунда ысырапкорчулукту жоюу боюнча жыйында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва жана диний адабияттар бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров балдарга туура тарбия берүү боюнча насааттарды айтып, жаш үй-бүлөлөрдүн ажырашуусунун негизги себептеринин бири-эркек да, аял да укуктарынын билбегендиги деп баса белгиледи. “Акыркы учурларда жаш үй-бүлөлөрдүн ажырашуусу абдан көбөйүүдө. Статистикалык маалыматтарга карасак, мындай көрүнүш 34% түзөт. Негизги …

Энелер коомдун тарбиячысы болууга жаралган Толугу менен »

Окуучуларга жолдо жүрүү эрежелери үйрөтүлүүдө

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо (ЖККК) бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мектептерде окуучулар менен жолугушуулар уюштурулуп, жолдо жүрүү эрежелери үйрөтүлүүдө. ЖККК бөлүмүнөн билдиришкендей, алар Ак -Таала, Ат -Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын райондорунун жана Нарын шаарындагы орто мектептерде болушуп окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелери үйрөтүлүп, дарстар окулуп, аңгемелешүү өткөрүшкөн. Негизги максат- өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарын …

Окуучуларга жолдо жүрүү эрежелери үйрөтүлүүдө Толугу менен »

Түркияга жардам катары 94,3 миллион сом чогулду

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 94 млн 532 миң 311,55 сом жана 15 миң 250 рубль жана 65,67 доллар топтолгон. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматына таянтып “Кабар” маалымат агенттиги жазды. Белгилей кетсек, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган атайын бирдиктүү депозиттик эсепке сом, …

Түркияга жардам катары 94,3 миллион сом чогулду Толугу менен »

Ак-Талаа: Мектепке ресурстук борбор ачылды  

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде ресурстук борбор ачылды. Ага мектептин жалпы жамааты катышып, кызыл тасмасы кесилди.   Борбордогу техникалык жабдуулар КРнын билим берүү жана илим министрлигинин “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында берилип, 16 компьютер проектору менен коюлду. Мындан сырткары физика, химия, биология, математика кабинеттерине да кошумча компьютерлер келди. Мектеп директору Астра Токтогулованын …

Ак-Талаа: Мектепке ресурстук борбор ачылды   Толугу менен »