DOLON MEDIA

Коом

Өлкөдө импорттолгон дары-дармектерден кошумча нарк салыгы алына баштады

Кыргызстанда 18-сентябрдан тарта импорттолгон дары-дармектер менен медициналык каражаттардан кошумча нарк салыгы кайрадан алына баштады. Министрлер кабинетинин 27-августтагы №528 токтому менен буга чейинки жеңилдик берилген тизме жокко чыгарылды. 2023-жылы үч жүздөн ашуун дары-дармектен жана медициналык каражаттан турган тизмени кошумча нарк салыгынан бошотуу фармацевтикалык рынокту легалдаштыруу жана бааны түшүрүү мүдөөсүн көздөгөн. Чечимдин демилгечилери буга чейин берилген жеңилдиктерди …

Өлкөдө импорттолгон дары-дармектерден кошумча нарк салыгы алына баштады Толугу менен »

Россияда мыйзамыз жүргөн мигранттарга балдарын мектепке киргизүүгө тыюу салынат

Россияда мыйзамсыз мигранттардын реестри түзүлөт, аларга балдарын мектепке жана бала бакчага киргизүүгө, ошондой эле банк кызматтарын колдонууга жана коомдук транспорт менен жүрүүгө тыюу салынат. Ички иштер министринин орун басары Александр Горовой реестрге жогорудагы бардык чектөөлөр киргизилерин билдирди. 2024-жылдын 1-декабрынан тарта Москванын аэропортторунда чет элдиктердин сүрөтүн жана манжа изин идентификациялоо боюнча эксперимент башталат. Бул долбоор башка …

Россияда мыйзамыз жүргөн мигранттарга балдарын мектепке киргизүүгө тыюу салынат Толугу менен »

Көлдүн театры Нарын облусунда

23-24-сентябрда Ысык-Көл облусунун Касымаалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театры Нарын облусуна келип өз өнөрлөрүн тартуулашат. Аталган театр С. Раевдин “Күн кармаган бала”, Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” спектаклдерин теңиртоолуктарга тартуулашат. Спектаклдер эки сеанс менен коюлат, билеттин баалары күндүзгү сеансттар 100 сом, ал эми кечки сеанстар 200 сомдон сатылууда. Ушул эле спектакль 27-28-сентябрда Кочкор районунда көрсөтүлөт. Көрүүчүлөрдүн …

Көлдүн театры Нарын облусунда Толугу менен »

Президент Жапаровдун алдамчылыкка шектелген иниси үй камагына чыкты

Алдамчылыкка шек саналып кармалган Улан Жапаров Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен үй камагына чыкты. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады. Сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө комитетинин өтүнүчүн 24-августта канааттандырганы 18-сентябрда белгилүү болду. Президент Садыр Жапаровдун аталаш тууганынын баласы экинчи жолу камалганы 17-июлда белгилүү болгон. Маалыматты Бишкектеги Биринчи май …

Президент Жапаровдун алдамчылыкка шектелген иниси үй камагына чыкты Толугу менен »

Нарын шаарынын 156 жылдыгы белгиленди

17-сентябрда Нарын шаарынын 156 жылдыгы, Кара-Кыргыз автономия облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган “Нукура” фестивалы өттү. Иш чаранын алкагында 20 наристенин тушоосу кесилди, жеке ишкерлер кура турчу 6 кабаттуу үйдүн капсуласы салынды. Нарын шаарынын “Городок” чөлкөмүндөгү скверге 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалда курман болгон Бейкут Алмаз уулунун ысмы ыйгарылды, андан сырткары скверлер, оюн аянтчалары ачылды. …

Нарын шаарынын 156 жылдыгы белгиленди Толугу менен »

Жаңы алынган электро бустар 19-августтан тарта каттамга чыгат

Нарын шаарында коомдук унааны өнүктүрүү максатында сатылып алынган электробустар  19-августтан баштап  каттамга чыгат. Бүгүн, 15-августа автобустардын ачкычын айдоочуларына облус жетекчиси Алтынбек Эргешов, калаа башчысы  Канболот Тутуев тапшырып, коомдук транспорт элге кызмат кылган акжолтой болушун тилек кылышты. Буга чейин электробустарды токтотуучу жайы даярдалып, айдоочулар окутулуп жана кубаттай турган станциясы орнотулган. Маалымат үчүн белгилесек, коомдук унаалар 66 …

Жаңы алынган электро бустар 19-августтан тарта каттамга чыгат Толугу менен »

Нарын:Техника сатып алууда мамлекетке 4 миллион сом зыян келтирилген

Нарын районундагы Чет-Нура  айыл өкмөтүнүн балансына оор техника сатып алууда мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын районунун прокуратурасы тарабынан “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы текшерилди. Анда Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалынан кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып же болбосо башка адамга пайда …

Нарын:Техника сатып алууда мамлекетке 4 миллион сом зыян келтирилген Толугу менен »

Ак-Талаа: Султан Соң-Көлдү алты саатта сүзүп өттү

Спортсмен Жумабек уулу Султан Соң-Көл көлүн 6 саатта сүзүп өтүп, жалпы 11,5 чакырым аралыкты багынтты. Ал  “Ворлд Класс” фитнес клубунун мүчөсү.Бул тууралуу Ак-Талаа райондук администрациядан билдиришти. Анын  Соң-Көл көлү аркылуу сүзүп өтүүсүн уюштурууга жана коопсуздугун камсыздоого райондук администрациясынан, райондук ички иштер бөлүмүнөн, райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун тез жардам бөлүмүнөн тиешелүү кызматкерлер жана  №16- Нарын …

Ак-Талаа: Султан Соң-Көлдү алты саатта сүзүп өттү Толугу менен »

С.Орозбаков көчөсү асфальттала баштады

Бүгүн, 9-августта Нарын шаарындагы С.Орозбаков атындагы жолуна асфальт төшөлө баштады. Жол чарба департаментинин Нарын облустук бөлүмүнөн билдиришкендей, жалпы 1 чакырым  280 метр  жол жасалат.  Асфальттоо жумуштарын эки-үч күндүн ичинде бүтүрүү мерчемделүүдө. Ал эми Ленин атындагы борбордук жолду кеңейтүү жумуштары 12-августта башталат. Бул жолдун 9.5 чакырым аралыгы 15 метрге чейин кеңейтилип, жол боюндагы троллейбустун линиялары жылдырылат …

С.Орозбаков көчөсү асфальттала баштады Толугу менен »

Таза азык-таза ден соолук!

Нарын зоналдык ветеринардык лабораториясынын башчысы Ишенбек Алманбетовдун маалыматына караганда, бруцеллез оорусу көп аныкталууда. Алсак быйылкы жылдын алты айында 29 мин 143 изилдөө жүргүзүлсө, 33 баш уйдан бруцеллез табылган. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда  4 учурга көп. Дарт аныкталган мал эрежелерге ылайык союлуп жок кылынган. Аталган лаборатория жаныбарлардын бактериологиялык, серологиялык, паразитологиялык ооруларын аныктоо боюнча өз убагында  …

Таза азык-таза ден соолук! Толугу менен »