DOLON MEDIA

Коом

Энергиясыз жылуулук берүү тутуму сыноодон өтүүдө

Өлкө боюнча Нарын шаарында биринчи жолу электр энергиясыз жана көмүр отунусуз жылуулук берүү ыкмасы тажырыйба катары ишке киргизилип, жылуулук системасын сыноо башталды. Ал үчүн “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 192 миллион  423 миң сом бөлүнгөн. Долбоор алкагында М.Сыдыков чөлкөмүндөгү откана реконструкцияланып, жабдуулар 2500 кВт кубаттуулуктагы заманбап аба аркылуу иштей турган  жылуулук насосторуна алмаштырылды. Учурда бул ыкма …

Энергиясыз жылуулук берүү тутуму сыноодон өтүүдө Толугу менен »

Эки айда 56 адам онлайн алдамчылыкка дуушар болду

Нарын облусунун аймагында өткөн жылы интернет желесин колдонуу аркылуу 58 алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Онлайн алдамчылыкка кабылгандар жалпы 7 миллион 714 миң 586 сомдук зыянга дуушар болушкан. Келтирилген чыгымдын 3 миллион 156 миң 244 сому өндүрүлүп, 35 фактынын бети ачылган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын эки айында 56 алдамчылык фактысы катталып, анын 13үнүн бети …

Эки айда 56 адам онлайн алдамчылыкка дуушар болду Толугу менен »

Жапаров айдоочудан жеринен сынак алуу мыйзамын артка кайтарууну тапшырды

Жол кыймылын тескөөчүлөргө айдоочулардан жеринде сынак алууга укук бере турган мыйзам долбоору артка кайтарылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 5-мартта Фейсбук баракчасына жазды. “Тийиштүү тапшырманы Ички иштер министрлигине президент Садыр Жапаров бул демилгеге карата коомчулуктан ынанымдуу сын-пикирлер айтылганын эске алып берди”, – деди Алагөзов. Бул мыйзам долбоору 4-мартта Жогорку Кеңеште каралып, бир …

Жапаров айдоочудан жеринен сынак алуу мыйзамын артка кайтарууну тапшырды Толугу менен »

Журналисттерге, ишкерлерге болгон мамиле кайра каралып чыгат

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов “Азаттыкка” укук коргоо органдарында башталган реформалардын алкагында жарандык активисттерге, журналисттерге жана бизнес өкүлдөрүнө болгон мамиле кайра каралып чыгарын билдирди. Ал укук коргоо органдарына мүмкүн болгон жана мыйзамга каршы келбеген учурларда камакка алуу менен байланышпаган чараларды көрүп, профилактикалык иштерди жүргүзүү сунушталарын айтты. “Ошол эле учурда бул бардык нерсеге …

Журналисттерге, ишкерлерге болгон мамиле кайра каралып чыгат Толугу менен »

ЖАМК Аскат Жетиген айып изоляторунан бошотулганын билдирди

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчилигинин көрсөтмөсү менен абактагы акын Аскат Жетиген айып изоляторунан бошотулду. Бул тууралуу социалдык желелерде маалымат тарады. Буга чейин ошол эле социалдык желелерде №27 түрмөдө жазасын өтөп жаткан жарандык активист, ырчы Аскат Жетиген абактагы укук бузууларды акыйкатчынын өкүлдөрүнө ачык айтканы үчүн кыйноого кабылып, айып изоляторуна киргизилгенин билдирген. Бул тууралуу ал өзүнүн …

ЖАМК Аскат Жетиген айып изоляторунан бошотулганын билдирди Толугу менен »

Кыргызстанда шарп ылаңы катталган, бирок абал туруктуу

Кыргызстандын айрым аймактарында шарп ылаңынын жаңы түрү катталган. Бирок ага карабай өлкө боюнча эпизоотиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринардык кызматынын зоо эпизоотияга каршы көзөмөл башкармалыгынын инспектору Кемелбек Абдылүсөнов “Азаттыкка” 3-мартта билдирген. Ал бардык райондорго вакцина жеткирилип, ылаң аныкталган жерлерде ветеринарлар эмдөө иштерин жүргүзүп жатканын белгиледи. …

Кыргызстанда шарп ылаңы катталган, бирок абал туруктуу Толугу менен »

Нарын милициясынын жетекчилеринин бири ардактуу эс алууга кетти

Нарын облусттук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Мадланбек Турпанбаевди эмгек жамааты ардактуу эс алууга узатты. Ага Нарын ОИИбдин жетекчиси Жолболду Кочконов, өздүк курам катышты. Милиция кызматынын полковник чинине чейин жеткен М. Турпанов кыргыз милициясына өз өмүрүнүн 36 жылын арнаган.”Мадланбек Турпанбаев өз ишин мыкты билген, жаштарга өмүрү өрнөк болчу адам, кызматкерибиз катары баалайбыз, …

Нарын милициясынын жетекчилеринин бири ардактуу эс алууга кетти Толугу менен »

Махабат Тажибек кызынын соту дагы жылды

Журналист камакта жаткан Махабат Тажибек кызынын ишин Жогорку сот бүгүн, 3-мартта карамак, бирок соттук отурум 5-мартка жылды. Анын себеби соттук коллегия мүчөлөрүнүн бири сыркоолоп калганы болгондугун  журналисттин адвокаты Асел Аргымбаева билдирди.  Буга чейин  Журналисттин соту Жогорку сотто 2-февралга белгиленген, бул күнү иштин материалдары көп жана таанышып чыгуу керек деген негизде бир айга – 3-мартка жылган …

Махабат Тажибек кызынын соту дагы жылды Толугу менен »

Белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова эне болду

Ал кубанычтуу кабары менен 1-мартта социалдык тармактарга бөлүштү. Жердешибиз Айсулуу Тыныбекова “Азыр үчөөбүз барбыз” деп жазып, куттуктоолор үчүн баарына ыраазычылыгын билдирди. Айсулуу Тыныбекова 2025-жылы январь айында турмушка чыккан. Жолдошу Бакберген Абдымиталипов дагы спортчу. Айсулуу Тыныбекова — кыргызстандык көрүнүктүү спортчу, эркин күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку (2019, 2021, 2023) жана Азиянын алты жолку чемпиону, ошондой эле …

Белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова эне болду Толугу менен »

Кочкорлук окуучулар облустук олимпиадада биринчи орунду камсыз кылышты

Бул маалыматты Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-методикалык кабинетинин башчысы Астра Асаналемва маалымдады. Алгач райондук турга 578 окуучу катышып, алардын арасынан 1-2 -орундарды камсыз кылган 21 окуучу облустук турга жолдомо алышкан. Облустук олимпиадада 11 окуучу 1-3- орундарга ээ болушту. Бул Нарын облусу боюнча командалык эсепте биринчи орунга ээ болушту.  Облусттук олимпиада 27-28 февраль күндөрү өткөрүлгөн.