DOLON MEDIA

Коом

Нарын шаардык кеңешинин төрагасы шайланды

Бүгүн, 29-ноябрда Нарын шаардык кеңешине жаңы шайланып келген 31 депутат экинчи сессияга чогулду. Сессия улуу депутат Амантур Төрөгелдиевдин төрагалыгы алдында өтүп, анда Нарын шаардык кеңешинин төрагасын жана анын коомдук башталыштагы орун басарларын шайлоо боюнча эки маселе каралды. “Нарын деми” көпчүлүк коалициясынан төрагалыкка Чынтемир Муканбетжусупов, “Биримдик” коалициясынан Алмаз Сурановдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Алгач бул кандидаттар сөз сүйлөп …

Нарын шаардык кеңешинин төрагасы шайланды Толугу менен »

Нарын: Билим уяга компьютер алынды

Шоро айылындагы С.Мамбетов атындагы орто мектебинин информатик Т.Тыналиев атындагы компьютердик классы жаңы жабдуулар менен камсыздалды. Алсак, 16 компьютер принтери менен сыналгы  жана 16 отургуч сатылып алынган. Бул үчүн 800 миң 52 сомдук долбоор “Теңир Тоо”  өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланса, жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле  мектеп жамааты дагы колдоо көрсөтүшкөн.

Нарын: Элеттеги ФАП ремонттолду

Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Шоро айылында фельдшердик-акушердик пункт капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Капиталдык оңдоп-түздөө жумуштарына  АРИС уюмунун АИД-3 кошумча каржылоо долбоорунан 1 млн 683 миң 881 сом каржыланган. Мунун ичинен 327 468 сому жергиликтүү бюджеттин өздүк салымы. Анын ачылышына катышкан, район акими Нуридин Мадимаров  акыркы жылдары саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, алыскы аймактагы калктын …

Нарын: Элеттеги ФАП ремонттолду Толугу менен »

Ак-Талаа: Окуучуларга автобус берилди

Тоголок-Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылындагы А.Абдраимов атындагы орто мектепке  18 орундуу чакан мектеп автобусу берилди. Маалыматка караганда, окуучулар үчүн унаа КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы №712-тескемесинин негизинде “Евразия” эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү автономдуу коммерциялык эмес уюмунун 100 бирдик санындагы мектеп автобусун акысыз өткөрүп берүү максатында берилди.

Жумгал:  70 миллион сомго милициянын райондук бөлүмү курулду

Жумгал райондук  ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу аяктап, колдонууга берилди. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Республикалык бюджеттин эсебинен 70 миллион сомго салынган имарат эки кабаттан туруп, ичи санариптештирилип жаңы техникалар менен жабдылып, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар каралган. Алсак, жаңы имаратта жарандарды кабыл алуу, укук бузууларды иликтөө, ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүү  …

Жумгал:  70 миллион сомго милициянын райондук бөлүмү курулду Толугу менен »

Алп акын Арстанбек!

Нарын шаарындагы  №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде чыгаан акын, комузчу, ойчул, күүчү, обончу Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына карата “Алп акын Арстанбектин талантына таазим” деген темада шаардык деңгээлде семинар өттү. Анда акындын терме жана санат ырларындагы адап-ахлак, тарбия маселеси боюнча ачык сабактар, көркөм казынасы боюнча “Билерман ордо” интеллектуалдык сынагы,  чыгармачылыгына …

Алп акын Арстанбек! Толугу менен »

Нарында пара спорту боюнча спартакиада өтөт

Нарын облустук дене-тарбия жана спорт башкармалыгы Нарын райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби менен биргеликте алгач ирээт республикалык деңгээлде параспартакиадасын уюштурушууда. Ал 3-декабрь-Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында өтмөкчү. Спорттук иш-чарага 7 дубандагы спорт сүйүүчүлөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Спартакиада 1-декабрь жекшемби күнү Нарын шаарындагы “Газпром балдарга” спорт комплексинде спорттун  пара шахмат,стол үстүндөгү теннис, шашки …

Нарында пара спорту боюнча спартакиада өтөт Толугу менен »

Нарын шаардык кеңешинин депутаттарына мандат тапшырылды

17-ноябрь күнү өткөн шайлоодо тандалып келген Нарын шаардык кеңешинин  31 депутатына мандаттар тапшырылды. Кеңештин улуу депутаты Амантур Төрөгелдиевдин төрагалыгы алдында жаңы шайланган депутаттардын  биринчи сессиясы өтүп, анда Нарын шаардык кенешинин төрагасын жана анын орун басарларын  шайлоо маселеси каралды. Жыйынтыгында төрагалыкка талапкер болгон эки депутат бирдей добуш алып бири каршы добуш берилгендиктен шайлоо жокко чыгарылды. 31 …

Нарын шаардык кеңешинин депутаттарына мандат тапшырылды Толугу менен »

СПИДке каршы күрөшүү иш планы талкууланды

1-декабрь -Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата  Нарын шаарында  өткөрүлүүчү иш чаралардын планы түзүлүп, аны аткаруу тегерек столдо каралды. Аталган орунун таралуу жолдорунан сактануу боюнча түшүүндүрүүнү жакшыртуу, ооруну алып жүрүүчүлөрдү табуу, дарылоо жана укуктук кызмат көрсөтүү зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле миграциялык агымдар менен иш алып баруу жана жакшыртуу талкууланды.

Мигранттарды колдоо. Эки тараптуу мамилелер

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россияда миграциялык мыйзамдарды бузган Кыргызстандын 71 миң 949 жараны бар экенин билдирип, Орусиянын аймагында эмгектенген мекендештерге кайрылуу жасады. Миграциялык мыйзам бузгандар, Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин маалымат базасында эмгек же жарандык-укуктук келишими жок, манжа издери катталбаган жана медициналык текшерүүдөн өтпөгөн, миграциялык каттоосу жок адамдар кирет. Эгерде аларда Россиянын аймагында мыйзамдуу жүргөндүгүн …

Мигранттарды колдоо. Эки тараптуу мамилелер Толугу менен »