DOLON MEDIA

Экология

750 түп куураган бак дарактар кыйылды

Нарын шаарын жашылдандыруу иштеринин алкагында куурап, өсүүсүн токтоткон экси бак-дарактар кыйылып, тазаланып жатат. Буга чейин 750дөй эски бактар кыйылып, атайын техниканын жардамы менен тамырлары тазаланган. Мындай жумуштар калаанын Москва чөлкөмүндөгү М.Жусаев атындагы  жана Алма-Бак паркында аткарылган. Адистердин айтымында, парктарга  суу жептегендиктен бак-дарактардын 98 пайызы куурап калган. Бүгүнкү күндө кыйылган бактардын ордуна карагайдын, мөмө берүүчү  жемиш …

750 түп куураган бак дарактар кыйылды Толугу менен »

Сүрөт баян: Нарын шаарында 2700 түп көчөт тигилди

Бүгүн, 15-апрелде Нарын шаарында массалык көчөт отургузуу иш-чарасы уюштурлуп, анын алкагында 2700 түп көчөт тигилди. Башкача айтканда, шаардын  Москва чөлкөмүндөгү М.Жусаев атындагы паркка, МДС чөлкөмүндөгү эски күмбөздүн ордуна демөөрчүлөр тарабынан алынып келинген көк карагайдын, ак кайыңдын жана теректин көчөттөрү отургузулду. Ага калаадагы облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканалардан кызматкерлер тартылды. “Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу” программасынын алкагында  …

Сүрөт баян: Нарын шаарында 2700 түп көчөт тигилди Толугу менен »

Ак-Талаа: Таштанды чыгаруу маданиятын үйрөнөлү-Сүрөт баян

Бүгүн, 9-апрель күнү райондогу мекеме кызматкерлери чогулуп  Баетов айылынын күн чыгыш тарабындагы Кара-Чий  жана күн батышындагы Босого  тилкелерин таштандыдан арылтышты. Мындан бир топ  жыл мурда  алма бактын көчөттөрү отургузулуп, кийин  ээн талаага айланган Кара-Чий аймагы таштанды талаага айланган. Ал тилкеде ит-мышыктын, малдын  териси, өлүгү, желим баштык, бөтөлкө толуп кеткен. Мындан сырткары  оттун күлү, малдын кыгы, …

Ак-Талаа: Таштанды чыгаруу маданиятын үйрөнөлү-Сүрөт баян Толугу менен »

Нарын: Жан-Булакта бактар кыйылууда

Айыл өкмөт башчысы Улан Бозгунчиевдин айтымында,  АРИС тин жардамы менен таза суу киргизилет аны менен катар айылдын башкы планы боюнча жолдор кеңейтилет. Ошондуктан экологдордун уруксаты менен айыл боюнча 1600 бак кыйылат. Ал эми “Жашыл Мурас”  улуттук өнөктүктүн алкагында  алкагында 85 бак отургузулду.

Жайыттар такырланса, эттин баасы өсөт. Байланыш эмнеде?

 Кыргызстанда жалпы 9 млн гектар жайыт бар. Анын ичинен эң көп аянт – 30% жакыны Нарын облусуна туура келет. Тагыраагы, Нарында 2 млн. 600 гектарга жакын жайыт бар. Тилекке каршы, облуста жыл сайын жайыт деградациясынын аянты өсүп, мунун айынан малдын асылдуулугу төмөндөп жатат.  Талдоочулар бир аймактагы деградация көйгөйү жаратылышка, өлкө экономикасына терс таасирин тийгизээрин белгилешет. Анын …

Жайыттар такырланса, эттин баасы өсөт. Байланыш эмнеде? Толугу менен »

Сүрөт баян: Оштон арчанын жана роза гүлүнүн көчөттөрү алынып келинди

Ош облусунун Кара- Кулжа районунун питомнигинен жашыл арчанын 1 жарым миң, роза гүлүнүн 700  түп көчөтү алынып келинди. Бүгүн, 30-мартта  жашыл арчанын көчөтү шаардын 64 аймагындагы “Ынтымак” аллеясынын айланасына отургузулду. Калган көчөттөр калаанын РТС, Москва чөлкөмдөрүнө жана мекеме-ишканалардын короолоруна  тигилет. Ал эми роза гүлүнүн көчөттөрү шаардык кире беришине Жаңы-Жол аймагына, Москва чөлкөмүнө, сейил бактарга, шаардын …

Сүрөт баян: Оштон арчанын жана роза гүлүнүн көчөттөрү алынып келинди Толугу менен »

Кочкор: Экоактивист кыштата 100 кубдан ашык жасалма мөңгү тоңдурду

Кочкордун Чолпон айылынын тургуну Урмат Өмүрбеков алты айда 100 кубдан ашык жасалма мөңгү тоңдурду. Топтолгон суу Чолпон айыл аймагына караштуу Туз айылындагы 500 гектердай айдоо жердин биринчи сугатына жарайт. Экоактивист былтыр күзүндө тоонун бооруна он эки метрлик бетон түркүгүн орноткон. Анын башына сайдагы сууну түтүк менен алып келип байлап койгон. Оргуштап аккан суу түркүктүн айланасына …

Кочкор: Экоактивист кыштата 100 кубдан ашык жасалма мөңгү тоңдурду Толугу менен »

Жумгал: Миңкуштуктар уран калдыктарын көчүрүүгө каршы

Миң-Куштун Туюк-Суу аймагындагы уран калдыктарын көчүрүү иштери быйыл башталганы турат. Кыштактын тургуну Ратбек Кожомуратовдун айтымында, уулуу зат жүктөлгөн машинелер айылды аралап өтөт. Буга айыл эли каршы болууда. «Жолго уран калдыгы түшпөйт деп ким кепилдик берет. Анткени ушул жол аркылуу балдарыбыз сабакка барат. Алардын саламаттыгына түздөн-түз таасирин тийгизет да», – дейт Кожомуратов. Миң-Куш айылында 4 миңге …

Жумгал: Миңкуштуктар уран калдыктарын көчүрүүгө каршы Толугу менен »

Саркынды суу чыпкалоочу жай реконструкцияга жатпайт, жаңысын куруу зарыл

Нарын шаарында Нарын суу-канал ишканасынын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жана Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын катышуусунда шаардагы саркынды суу тазалоочу жайдын абалы талкууланды. Талкуу “НурЖолБер” коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан “Нарын шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жайдын абалы жана экологияга тийгизген таасири” деп аталган долбоор алкагында уюштурулуп, ага Бишкектен саркынды сууларды тазалоочу жабдуулар боюнча  консультант Мырза Медербеков чакырылган.  …

Саркынды суу чыпкалоочу жай реконструкцияга жатпайт, жаңысын куруу зарыл Толугу менен »

Жарандардын көңүлүн тазалыкка буруу максатында жаныбарлар ишембиликке чыгышты

Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн жамааты жаныбарлардын образында ишембиликке чыгышып, айлана-чөйрөнү таштандылардан арылтышты. Алар  мындай образ менен жарандарга жакшы маанай  тартуулоо менен шаардын тазалыгына ар бир жаран салым кошуп жана жалпы ишембиликке  жашоочулардын көңүлүн бурдуруу максатында чыгышканын  Нарын шаардык мэриясынын маалымат катчысы Нурзада Мукашова  билдирди. Жаныбарлардын кийимин кийген маданият кызматкерлери өзөрүнө бөлүнгөн аймакты тазалоодон сырткары шаар …

Жарандардын көңүлүн тазалыкка буруу максатында жаныбарлар ишембиликке чыгышты Толугу менен »