DOLON MEDIA

Экология

ӨКМ: Кыргызстанда табигый кырсыктар активдешүүсү мүмкүн

25-марттан 31-мартка чейин туруксуз аба ырайы жана жаан-чачын күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Буга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү күтүлөт. Атап айтканда Нарын облусунун Бишкек — Торугарт жолунун 56—134-чакырымдарында; Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 289—468-чакырымдарында; Арал — Миң-Куш жолунун 1–7, 17—36-чакырымдарында; Нарын — Баетов жолунун 97–98, …

ӨКМ: Кыргызстанда табигый кырсыктар активдешүүсү мүмкүн Толугу менен »

Нарындын ИДПсы эки эсеге өстү

Нарын облусунун ички дүң продукциясы 2025-жылы эки эседен ашык өстү. Бул тууралуу Нарын жергесинде өтүп жаткан Нооруз майрамында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров билдирди. “Акыркы 5 жыл ичинде өлкөдө туруктуулук орноп, анын ичинде Нарын облусу да куру эмес экендигине эки ооз сөз менен токтоло кетейин. Облустун ички дүң продукциясы 2020-жылы 18 млрд сомду …

Нарындын ИДПсы эки эсеге өстү Толугу менен »

Ак-Талаада мыйзамсыз балык кармагандарга айып салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ак-Талаа районунда мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды. Маалыматка караганда. жаратылыш сакчылары  райондун  Кара-Суу жана Мыкачы аймактарында  эки күндүк рейд өткөрүшкөн. Анын жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулап жүргѳн 8 жаран кармалып, КР Укук бузуулар кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, 8 мин сом айып салынган.

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу убактылуу жабылып, кар көчкүлөр түшүрүлөт

2026-жылдын 14-мартында саат 14:00дөн 18:00гө чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 294-304-чакырымдарында (Кара-Үңкүр капчыгайы) кар көчкү коркунучун алдын алуу максатында кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Буга байланыштуу аталган тилкеде унаа кыймылы убактылуу жабылат. Айдоочуларды түшүнүү менен мамиле жасап, коопсуздук эрежелерин так сактоону жана мүмкүн болсо, бул убакытта жолдун …

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу убактылуу жабылып, кар көчкүлөр түшүрүлөт Толугу менен »

Нарын шаарында гүлдөр өстүрүлөт

Нарын шаарына гүлдөр май айында отургузула баштайт. Мурда гүлдөрдүн көчөттөрү башка шаарлардан сатылып алынып келүүчү. Буга байланыштуу айрымдары жергиликтүү климаттык шартка ылайыкташпай соолуп да калчу. Быйыл гүлдүн уруктары Нарын шаарындада өстүлүп баштайт. Бул үчүн Нарын шаардык жашылдандыруу муниципиалдык ишканасынын эки кызматкери Каракол шаарына барып атайын окуудан өтүп келишти. Жыйынтыгында шаардык бюджеттен 170 миң сом бөлүнүп, …

Нарын шаарында гүлдөр өстүрүлөт Толугу менен »

28-февралда ири планеталык парад жакындан көрүнөт

28-февраль күнү кечинде сейрек кездешүүчү кубулуш байкалат. Асманда ири алты планета бир катарда болот. Алардын төртөө көзгө жакындан даана көрүнөт. Бул визуалдык эффект бардык планеталардын (Жерди кошо алганда) орбиталары болжол менен бир тегиздикте, эклиптика деп аталган тегиздикте жайгашкандыктан пайда болот. Чындыгында, планеталар космосто бир катарда турбайт, бирок «парад» учурунда алар Жердеги байкоочуга карата бир катардагыдай …

28-февралда ири планеталык парад жакындан көрүнөт Толугу менен »

Селден 45 үй жабыркады, зыяндары эсептелүүдө

Ушул жылдын 22-июнь күнү Нарын шаарында кыска убакытта нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен тоо  коктуларынан түшкөн сел суулары  Ак-Коргон, Интернат аймактарында турак жайларды, көчөлөрдү каптаган.  Кыян суу 45 турак жайдын короолорун каптап,  дубалдарын кулаткан. Мунун ичинен эки үйгө кыян суу кирген. Суу каптаган үйлөрдүн 14ү камсыздандырылган. Сел жүргөн аймакка Нарын шаары жана Нарын району боюнча өзгөчө …

Селден 45 үй жабыркады, зыяндары эсептелүүдө Толугу менен »

Соң-Көл: Мыйзамсыз куралчан үч жаран кармалды

Экосистеманы жакшыртып,биотүрдүүлүктү сактоонун  аракети көрүлүп жаткан чакта броконьерлер жаратылышка аёсуз мамилесин улантышууда. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин  Нарын облусундагы башкармалыгы тарабынан  Соң-Көл аймагына жасалган рейд учурунда көл үстүнөн жалпы 2,5 миң метрдей тор жыйналып алынды. Ошондой эле  экологдор Соң Көлдүн Акталаа тарабындагы Бычан жайлоосунан, жанында ок атуучу куралдары, кайырмак тору бар 3 адамды …

Соң-Көл: Мыйзамсыз куралчан үч жаран кармалды Толугу менен »

“Кызыл китептин экинчи басылышы даярдалууда”

Жакында сайтыбызга атайын корголуучу айбанаттардын, өсүмдүктөрдүн тизмесин тактоочу Кызыл китеп боюнча макала жарылаганбыз. Анда тиешелүү министрликке жөнөткөн сурообузга жооп кечиккен эле. Бул жолу биз Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын жетектөөчү адиси Эльчибек Торогельдиев менен баарлаштык. Анын айтымында,  Кыргызстандын Кызыл китебинин экинчи басылышы Министрликтин иш-аракети менен вендомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп,  Кызыл …

“Кызыл китептин экинчи басылышы даярдалууда” Толугу менен »

Ат-Башы: Шамалдан 28 турак жайдын чатыры кыйрады

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” көзөмөл өткөрүү жайында жана Ат-Башы районунун аймагында үстүбүздөгү жылдын 27-мартында катталган катуу шамалдан 28 турак жай жана чарбалык курулуштардын чатыры талкаланды. Андан жалпы  886 миң 940 сомдук материалдык зыян  келди. Алсак, турак жай жана чарбалык курулуштардын чыгымы 405 миң 744 сом болсо, “Торугарт”  чек ара көзөмөл-өткөрмө пункту 481 миң 200 сомдук  …

Ат-Башы: Шамалдан 28 турак жайдын чатыры кыйрады Толугу менен »