DOLON MEDIA

Чарба

Февраль айынан баштап Кыргызстанга гүл көп ташылууда

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 4 миллион даан гүл импорттолду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдап, февралдын башынан бери алып келинген гүлдүн саны январдагы көрсөткүчкө караганда 31% көп болгонун белгиледи. Маалыматка ылайык, эң көп ташылган гүл – роза. 1-февралдан бери өлкөгө 3,56 млн даана роза алып келинген. Андан кийинки орундарда орхидея, хризантема, лилия жана гвоздика гүлдөрү турат. …

Февраль айынан баштап Кыргызстанга гүл көп ташылууда Толугу менен »

Кыргызстанда шарп ылаңы катталган, бирок абал туруктуу

Кыргызстандын айрым аймактарында шарп ылаңынын жаңы түрү катталган. Бирок ага карабай өлкө боюнча эпизоотиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринардык кызматынын зоо эпизоотияга каршы көзөмөл башкармалыгынын инспектору Кемелбек Абдылүсөнов “Азаттыкка” 3-мартта билдирген. Ал бардык райондорго вакцина жеткирилип, ылаң аныкталган жерлерде ветеринарлар эмдөө иштерин жүргүзүп жатканын белгиледи. …

Кыргызстанда шарп ылаңы катталган, бирок абал туруктуу Толугу менен »

Куланак ГЭСи 2027-жылы ишке берилет

Нарын облусунун Нарын районундагы Куланак айылында 2022-жылы курула башталган Куланак ГЭСи келээрки жылы пайдаланууга берилээри пландалууда. Учурда плотина, суу өткөрүүчү бетон конструкциялар, суу кирүүчү каналдын суу алгычы жана бетондон дубалы курулууда. Куланак ГЭСинин курулушу менен 100 МВт же 435 млн кВт саат электр энергиясы өндүрүлүп, эки миңдей жумушчу орундары түзүлөт деп болжолдонулууда. Курулушу 100 млн …

Куланак ГЭСи 2027-жылы ишке берилет Толугу менен »

Нарында күн батареясы  менен сугат суу чыгарылды

Нарын  районуна караштуу Чет-Нура айыл өкмөтүнүн  Ак-Булуң айылында  күндөн энергия алуучу 42 батарея орнотулуп,  сугат суу чыгарылды. Бул Кыргызстандагы экинчи долбоор. Долбоор Ага Хан өнүктүрүү фондунун каржылоосунда ишке ашып, 3 миллион 500 миң сом каржыланган. Ошондой эле айыл өкмөттөн 50 миң, айылды өнүктүрүү фондунан 100 миң сом бөлүнүп, жалпы элдин жана айыл өкмөттүн муниципалдык ишканасынын …

Нарында күн батареясы  менен сугат суу чыгарылды Толугу менен »

Кытайга алгач дан эгиндери экспорттолот

18-мартта Кытай Эл Республикасынын Кызылсуу-Кыргыз автономдуу округундагы Улугчат шаарында Кыргызстандын ири көзөмөл кампасы ачылды. Бир миллион тонна көлөмдөгү товар бата турган кампага алгач дан эгиндери ташылат. Бул тууралуу МинКабдын төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри  Бакыт Төрөбаев  Нарында болгон иш сапарында билдирди. Ал бул долбоор регионалдык экономиканы, айыл чарбасын …

Кытайга алгач дан эгиндери экспорттолот Толугу менен »

Ат-Башы: Жарманкеде арашан кой 10 миң долларга бааланды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда арашан койлордун республикалык жарменкеси өтүп, анда арашан тукумундагы  койдун эң жогоркусу 10 миң долларга бааланды. Аталган жарманке сандан сапатка өтүү максатында райондук бийликтин демилгеси менен уюштурулуп,  жалпы 500дөн ашуун кой көргөзмө сатыкка чыгарылды. Районундук айыл чарба департаментинин башчысы Кенжебек Качкынбаевдин айтуусунда, элди асыл тукум койлорду багууга кызыктыруу, малдын асылдуулугун көтөрүү максатында …

Ат-Башы: Жарманкеде арашан кой 10 миң долларга бааланды Толугу менен »

Теңиртоолуктар жырткычтардан 23 миллион сом зыян тартты

Нарын облусунда жырткыч жаныбарлар  элге 23 миллион сомдон ашык чыгым алып келди. Нарын облусу боюнча өткөн жыл ичинде  64 уй, топоз,  148  жылкы, 220 тай  жана 214 кой, эчки карышкырга жем болуп, мындан улам  теңиртоолуктар 23 миллион 139 миң сомдук зыян тартышкан. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, атайын түзүлгөн иш- чаралардын негизинде жана мергенчилердин …

Теңиртоолуктар жырткычтардан 23 миллион сом зыян тартты Толугу менен »

Өлкөдө айыл чарба азыктарын өндүрүү көлөмү жогорулады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстанда эт, сүт, жумуртка жана жүн өндүрүүнүн көлөмү көбөйдү. Мындай көрсөткүч  малдын көбөйүшү менен байланыштуу. Алсак, 2024-жылдын декабрь айына карата республикада бардык категориялардагы чарбаларында тирүүлөй салмакта 459,6 миң тонна эт өндүрүлдү, бул мурунку жылга салыштырмалуу 11 миң 582 тоннага, же 2,6 пайызга эт көбүрөөк …

Өлкөдө айыл чарба азыктарын өндүрүү көлөмү жогорулады Толугу менен »

Жылдагыдан түшүм мол…

Нарын облусунда тоют топтоо жана оруп-жыйноо өнөктүгү жыйынтыкталды. Быйыл облус боюнча дан эгиндеринин жана чөп өсүмдүктөрүнүн түшүмү жакшы болуп, өнөктүк өз убагында  жыйынтыкталды. Алсак 500 миң 455 миң тонна тоют топтолуп, бул  көрсөткүч өткөн жылга караганда 166 миң 673,8 тоннга көп. Ал эми 25 миң 808 гектар жерге айдалган  дан эгиндеринен 166 миң 694,2 тонна …

Жылдагыдан түшүм мол… Толугу менен »

Минкаб Нарындагы айыл аймактарга 108,2 млн сом бөлөт

Министрлер кабинети Нарын облусундагы айыл аймактарга 108 млн 198,1миң сом бөлөт. Министрлер кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрындагы тескемесине ылайык , финансы министрлигине Жогорку Кеңештин бюджет, эконномикалык жана фиксалдык саясат боюнча комитетинин макулдугу менен облустагы 22 айыл аймагына 108 млн 198,1 миң сом бөлүп берүү тапшырмасын берди.  Ага ылайык Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айылдык аймагына 158 400 сом, Кара-Бүргөн …

Минкаб Нарындагы айыл аймактарга 108,2 млн сом бөлөт Толугу менен »