DOLON MEDIA

Башкы тема

Февраль айынан баштап Кыргызстанга гүл көп ташылууда

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 4 миллион даан гүл импорттолду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдап, февралдын башынан бери алып келинген гүлдүн саны январдагы көрсөткүчкө караганда 31% көп болгонун белгиледи. Маалыматка ылайык, эң көп ташылган гүл – роза. 1-февралдан бери өлкөгө 3,56 млн даана роза алып келинген. Андан кийинки орундарда орхидея, хризантема, лилия жана гвоздика гүлдөрү турат. …

Февраль айынан баштап Кыргызстанга гүл көп ташылууда Толугу менен »

Согуш жүрүп жаткан аймактан кыргыз жарандары мекенине кайтып келишет

Мындай билдирүүнү президент Садыр Жапаров 3-мартта өзүнүн социалдык баракчасына жазды. Анда белгилүү болгондой Оман мамлекети аркылуу эки учак менен 300 кыргызстандыкты алып келүү макулдашылганын билдирди. Ал учактарда биринчи кезекте жаш балдар, энелер, аялдар келишет. “Бириккен Араб Эмираттарында учуп-конууга тыюу салынганына байланыштуу, Оман өлкөсү менен сүйлөшүп, эки учак жалдап 300 кишини алып кетүү боюнча макулдашууга жетиштик. …

Согуш жүрүп жаткан аймактан кыргыз жарандары мекенине кайтып келишет Толугу менен »

Кыргызстанда шарп ылаңы катталган, бирок абал туруктуу

Кыргызстандын айрым аймактарында шарп ылаңынын жаңы түрү катталган. Бирок ага карабай өлкө боюнча эпизоотиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринардык кызматынын зоо эпизоотияга каршы көзөмөл башкармалыгынын инспектору Кемелбек Абдылүсөнов “Азаттыкка” 3-мартта билдирген. Ал бардык райондорго вакцина жеткирилип, ылаң аныкталган жерлерде ветеринарлар эмдөө иштерин жүргүзүп жатканын белгиледи. …

Кыргызстанда шарп ылаңы катталган, бирок абал туруктуу Толугу менен »

Нарын милициясынын жетекчилеринин бири ардактуу эс алууга кетти

Нарын облусттук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Мадланбек Турпанбаевди эмгек жамааты ардактуу эс алууга узатты. Ага Нарын ОИИбдин жетекчиси Жолболду Кочконов, өздүк курам катышты. Милиция кызматынын полковник чинине чейин жеткен М. Турпанов кыргыз милициясына өз өмүрүнүн 36 жылын арнаган.”Мадланбек Турпанбаев өз ишин мыкты билген, жаштарга өмүрү өрнөк болчу адам, кызматкерибиз катары баалайбыз, …

Нарын милициясынын жетекчилеринин бири ардактуу эс алууга кетти Толугу менен »

Тегерандагы Кызыл Жарым Ай коому: 555 адам каза болду

АКШ менен Израилдин биргелешкен аба соккуларынын натыйжасында Иранда ушул убакка чейин 555 адам каза болгонун билдирди. Чабуулдар Ирандын 131 шаарына жасалган. Жабыркагандарды куткаруу, медициналык жардам көрсөтүү жана эвакуациялоо улантылууда. Ирандын Чыгыш Азербайжан провинциясынын Кризистик кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын жетекчиси акыркы эки күн ичинде Тебриз, Сараб, Мараге жана Шабестар шаарларындагы ар кандай жайлар соккуга кабылып, жалпысынан 42 …

Тегерандагы Кызыл Жарым Ай коому: 555 адам каза болду Толугу менен »

Махабат Тажибек кызынын соту дагы жылды

Журналист камакта жаткан Махабат Тажибек кызынын ишин Жогорку сот бүгүн, 3-мартта карамак, бирок соттук отурум 5-мартка жылды. Анын себеби соттук коллегия мүчөлөрүнүн бири сыркоолоп калганы болгондугун  журналисттин адвокаты Асел Аргымбаева билдирди.  Буга чейин  Журналисттин соту Жогорку сотто 2-февралга белгиленген, бул күнү иштин материалдары көп жана таанышып чыгуу керек деген негизде бир айга – 3-мартка жылган …

Махабат Тажибек кызынын соту дагы жылды Толугу менен »

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча чукул жыйын өткөрдү

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн жана башка тармактык мекемелердин жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрдү. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан маалыматка караганда, кеңешмеде мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймакта калган Кыргызстандын жарандарынын абалы талкууланды. Орозбеков алардын коопсуздугун камсыз …

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча чукул жыйын өткөрдү Толугу менен »

Белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова эне болду

Ал кубанычтуу кабары менен 1-мартта социалдык тармактарга бөлүштү. Жердешибиз Айсулуу Тыныбекова “Азыр үчөөбүз барбыз” деп жазып, куттуктоолор үчүн баарына ыраазычылыгын билдирди. Айсулуу Тыныбекова 2025-жылы январь айында турмушка чыккан. Жолдошу Бакберген Абдымиталипов дагы спортчу. Айсулуу Тыныбекова — кыргызстандык көрүнүктүү спортчу, эркин күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку (2019, 2021, 2023) жана Азиянын алты жолку чемпиону, ошондой эле …

Белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова эне болду Толугу менен »

Кочкорлук окуучулар облустук олимпиадада биринчи орунду камсыз кылышты

Бул маалыматты Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-методикалык кабинетинин башчысы Астра Асаналемва маалымдады. Алгач райондук турга 578 окуучу катышып, алардын арасынан 1-2 -орундарды камсыз кылган 21 окуучу облустук турга жолдомо алышкан. Облустук олимпиадада 11 окуучу 1-3- орундарга ээ болушту. Бул Нарын облусу боюнча командалык эсепте биринчи орунга ээ болушту.  Облусттук олимпиада 27-28 февраль күндөрү өткөрүлгөн.

Нарын ОИИБ де кадрлар алмашты

2-мартта Нарын ОИИБ жетекчиси Жолболду Кочконов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык жаңы келген кадрларды өздүк курамга тааныштырды. Ал буйрукка ылайык Нарын облусттук ички иштер башкармылыгын башчысынын орун басарына милициянын подполковниги Максат Думанаев, ал эми тергөө кызматынын башчысына милициянын подполковниги Үмөталы Мусаев дайындалды. Бул маалыматты Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.