DOLON MEDIA

Башкы тема

Таза жана саркынды суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүрүүдө

Нарын шаарында ЕБРРдин  “Нарын шаарын суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү” долбоорунун алкагында курулуш-монтаждоо иштери жүрүүдө.  Долбоорго ылайык 6800 метр таза суу, 1800 метр саркынды суу түтүктөрүн тартуу жумуштары жасалат. Учурда шаардын 64 аймагынан Ат-Башы көчөсүнө чейинки аралыкта тиешелүү жумуштар жүрүүдө. “Нарын шаарында ЕБРРдин долбоорунун экинчи фазасы менен таза суу жана саркынды суу тутумдарын оңдоо …

Таза жана саркынды суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүрүүдө Толугу менен »

Кыргызстандагы мектептер санарип окууга өтөт

1-сентябрь жаңы окуу жылынан баштап Кыргызстандагы мектептердин 50 пайызы санариптик окууга  өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Нарын облусундагы мектептердин деректирлери үчүн өтүп жаткан “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” деп аталган окутууда билдирди. Бул үчүн алгач мугалимдерди даярдоо  жана мектептерди компьютер, интернет  менен жабдуу турат зарылдыгы турат. “Быйыл буюрса  билим берүүдө …

Кыргызстандагы мектептер санарип окууга өтөт Толугу менен »

Нарында Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 9-майда Нарын шаарында Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы  салтанаттуу белгиленди. Алгач эскерүү митинги Нарын шаарындагы “Жеңиш 70” скверинде башталып, Советтер Союзунун Баатырлары Анварбек Чортеков менен Дайыр Асановдун эстелигине гүл коюлуп, куран окуу менен башталды. Андан соң “Тянь-Шань” паркындагы  Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин жаркын элесине арналган эстеликке гүл коюлуп, куран окулуп, эскерүү мүнөтү …

Нарында Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленди Толугу менен »

Ардагерлерге бир жолку 100 миң сомдук жардам көрсөтүлдү

Улуу Жеңиштин 78 жылдыгын утурлай  дубан башчы  облустагы согуштун үч ардагеринен кабар алды. Ал Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын тургуну, 98 жаштагы Сатынды Жапаров, Кара-Суу айылынын тургуну 98 жаштагы Тапа Керимкулов жана Нарын шаарынын тургуну 101 жаштагы Тукеш Токтомушев аталардын үйлөрүнө барып, жеринде  кабар алып, майрамдары менен куттуктап Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун бир жолку берилүүчү 100 …

Ардагерлерге бир жолку 100 миң сомдук жардам көрсөтүлдү Толугу менен »

Нарын: Баш мыйзамдын 30 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 4-майда М.Баетов атындагы Нарын райондук маданият үйүндө Нарын райондук мамалекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын Кониституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын белгиледи. Алгач КР Мамлекеттик туусу салтанаттуу түрдө сахнага алынып чыгып, мамлекеттик Гимни жаңырды. Иш-чарада  район башчысы Нуридин Мадимаров КРнын баш мыйзамы мамлекеттин  түзүлүшүнө, укуктук  негиздеринин калыптанышы менен Кыргызстандык ар бир жарандын эркин жана татыктуу  жашоосу үчүн …

Нарын: Баш мыйзамдын 30 жылдыгы белгиленди Толугу менен »

Алты окуучу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына татыктуу болду

Нарын облусу боюнча 6 бүтүрүүчү “Алтын тамга” артыкчылык серификатына ээ болушту. Бул тууралуу Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун адиси Гүлмира Таранчиева  билдирди. Анын айтымында, быйылкы 2022-2023-окуу жылында  “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына  облус боюнча 121 окуучу талапкер катары катталган. Алардын арасынан ар кандай себептер менен 10 окуучу тестирлөөгө келген эмес.  “Алтын тамга”  жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга …

Алты окуучу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына татыктуу болду Толугу менен »

Ат-Башыда “өзгөчө кырдаал” киргизилди

2- майда жааган кардын кесепетинен Нарын облусунун айрым райондорунда өзгөчө абал түзүлдү. Ат-Башы районунда  акимдин  буйругу менен 3-майдан баштап “өзгөчө кырдаал” киргизилди. Арпа жайлоосундагы 5 үй-бүлө миңге чукул бодо мал, бир жарым миңдин тегерегинде майда жандык менен калышкан. Райондук админстрациядан кабарлашкандай, адамдардын ден соолугу жакшы муктаждыктары жок,  малга 680 түк чөп жеткирилди. Эске салсак мындай …

Ат-Башыда “өзгөчө кырдаал” киргизилди Толугу менен »

Ак-Талаа: Жааган кардын кесепетинен 5 үй-бүлөгө барчу жол убактылуу жабык

Ак-Талаа районундагы Орто -Сырт жайлоосунда  малчылар каттаган Мелис ашуусу жабылып беш малчы 2000 ге чукул майда жандык, 600 гө чукул бодо малы менен калып калган. Мындай маалыматты өлкөбүздүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Малчыларга барчу Мелис ашуусунда кар калың болуп, райондук куткаруучулар артка кайтууга мажбур болушкан. Учурда адамдардын тамак ашы жетиштүү,  малга тоют жагынан жардам сурашкан. …

Ак-Талаа: Жааган кардын кесепетинен 5 үй-бүлөгө барчу жол убактылуу жабык Толугу менен »

Нарында Улуу Ата Мекендик согуштун үч ардагери бар

Өлкөнүн бардык аймактарда 9-майда фашизмге каршы согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына карата эскерүү митингдери өтөт. Учурда Нарын облусунда дагы Улуу Жеңишти белгилөөгө даярдыктар көрүлүүдө. Нарын шаарында эскерүү иш-чарасы  “Тянь-Шань” паркындагы  “Өчпөс отто” белгиленип, №2025  аскер бөлүгүндө “солдат боткосу” берилет. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка Нарын облусунан 19 миң 237 жоокер катышкан. Алардын ичинен   8 миң 104 …

Нарында Улуу Ата Мекендик согуштун үч ардагери бар Толугу менен »

Жумгал: Эки ай бош турган орунга А.Набиев келди

Эки айга чукул бош турган Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  кызмат ордуна Набиев Адыбек Асанович дайындалды. Аны  КР Президентинин уюштуруу жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Камчыбек Кускаков жана дубан башчынын биринчи орун басары Адыл Сапаров жамаатка тааныштырды. Адыбек Набиев 1968-жылы Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Орто-Боз айылында туулган. Буга чейин Баткен …

Жумгал: Эки ай бош турган орунга А.Набиев келди Толугу менен »