DOLON MEDIA

Башкы тема

Нарында Президенттин өкүлүнүн балаты майрамы болуп өттү

Жакында  Нарын облустук М.Рыскуловатындагы академиялык музыкалуу драма театрында КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун бөбөктөргө  арналган балаты майрамы өткөрүлдү. Майрамдык иш чарага Нарын шаарынан жана Нарын районунан 200 бала катышты. Облус жетекчиси балдарга жаңы жылдык каалоо-тилегин арнап, терең билим алууга, мыкты инсан болууга үндөдү. “Биз силерден кеп жакшы нерселерди үмүт кылабыз”, деген …

Нарында Президенттин өкүлүнүн балаты майрамы болуп өттү Толугу менен »

Мамлекеттик тууну өзгөртүү мыйзамы 26-декабрда күчүнө кирет

Мындай маалыматты президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзам “Эркин-Тоо” гезитине   26-декабрда, шейшембиде жарыяланат. Анын айтымында, министрлер кабинети мамлекет тиктуунун техникалык өзгөчөлүктөрүң (техническая спецификация) өз токтому менен бекитиши керек. Ошонун негизинде анан жаңы желек жасалып, имараттардагы туулар алмаштырылат.  Аскат Алагозов президент Садыр Жапаров азыркы мамлекеттик желекке аяр мамиле жасоо тапшырмасын …

Мамлекеттик тууну өзгөртүү мыйзамы 26-декабрда күчүнө кирет Толугу менен »

Садыр Жапаров Евразия кеңешинин жыйынына катышат

Президент Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отурумуна жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Орусияга барат. Жолугушуулар 25-26-декабрда Санкт-Петербург шаарында боло турганын президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Маалыматка караганда, 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн …

Садыр Жапаров Евразия кеңешинин жыйынына катышат Толугу менен »

Акылбек Жапаров тариф саясаты боюнча: мындан ары байлар байлардай төлөйт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында президенттин тапшырмасы менен жеке ортомчу энергетикалык компаниялардын саны 28ден 12ге чейин азайтылганын билдирди. Бул тууралуу ал 22-декабрда энергетика кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада айтып, 2024-жылы бул тармакка 74,9 миллиард сом бөлүнөрүн кошумчалады. Андан тышкары тариф саясатына кайрылып, өзгөртүү киргизүү зарыл экенин сөз кылды. “Биз капитализм …

Акылбек Жапаров тариф саясаты боюнча: мындан ары байлар байлардай төлөйт Толугу менен »

Нарын облусунун Ат-Башы районунда фермер айым жакшы жетишкендиктерге жетишүүдө

Фермер айымдын иши менен район акими Эмил Абдыкадыров жеринен барып таанышканын аталган райондук админстрациясынын маалымат кызматы билдирди.Ат-Башы айылынын тургуну Батаева Бурул 20 жылдан бери мал чарбачылык менен алектенип келет. Учурда бодо малга басым жасап, 10 саан ую жана 5 торпокту багууда. Алардын арасында 4 уй сүт багытындагы породалуу уй. Мал сарайды салууга 600миң сомдой каражат …

Нарын облусунун Ат-Башы районунда фермер айым жакшы жетишкендиктерге жетишүүдө Толугу менен »

Нарын шаарында арык жана жөө адамдардар басуучу жол шаардык менчикке өттү

Нарын шаардык басма сөз кызматы билдиргендей 22-декабрда шаардын РТС чөлкөмүндөгү эки объект муниципалдык менчикке өткөрүлүп алынды. Нарын шаардык мэриясы жана MSDSPKG коомдук фонду менен кызматташтыктын алкагында РТС аймагына салынган 600 метр узундуктагы чоң арык жана Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында жасалган С. Качкынова жөө адамдар жолу муниципиалдык менчикке өткөрүлүп алынды. Нарын шаарынын мэри Канболот …

Нарын шаарында арык жана жөө адамдардар басуучу жол шаардык менчикке өттү Толугу менен »

Нарын шаарындагы акыркы согуштун ардагери дүйнө салды

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Нарын облусунун “Ардактуу атуулу”, Нарын шаарынын тургуну 101 жашында  Тукеш Токтомушев 21-декабрда дүйнө салды. Т. Токтомушев 1923-жылы, Тянь-Шань районуну Калинин колхозундагы Ворошилов айылында жарык дүйнөгө келген. 17 жаш курагында Улуу Ата мекендик согушка чакырылган.1943-жылы денесинен жаракат алган, 1944-жылы кайра фронтко чакырылып, Ыраакы Чыгышта кызмат өтөгөн. 1945-жылдын февраль айында ден-соолугуна байланыштуу …

Нарын шаарындагы акыркы согуштун ардагери дүйнө салды Толугу менен »

Нарында УКМКнын ремонттолгон имараты ачылды

Президент Садыр Жапаров 21-декабрда Нарынга жасаган иш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин аймактык башкармалыгынын жаңыланган имаратын ачты. Ал Коопсуздук кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын жигердүү жана кесипкөй иши өлкөнүн коопсуздугун сактап, элдин тынч эмгектенүүсүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи. “Мен сиздерге ушундай басыгыңардан жазбай, эл-жерибиздин бейпилчилиги үчүн ак кызматыңыздарды уланта бересиздер деп бекем ишенем”, …

Нарында УКМКнын ремонттолгон имараты ачылды Толугу менен »

Министр учурда грипптин В түрү жүрүп жатканын айтты

Кыргызстанда учурда сасык тумоонун В түрү жүрүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Бейшеналиевдин айтымында, учурда кырдаалга байланыштуу мобилдик клиникалар ачылды. “Мурда балдардын ооруганы боюнча 1,5 миң учур катталса, азыр күнүнө 400 бала катталып жатат. Бул ковид эмес, азыркы учурда ковиддин беш эле учуру …

Министр учурда грипптин В түрү жүрүп жатканын айтты Толугу менен »

Парламент тууну өзгөртүүнү колдоду

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алды. Документ жыйындын күн тартибине 5-маселе болуп киргизилген. Бирок 20-декабрда сессияда биринчи маселеге жылдырылды. Документке экинчи окууда 58 депутат “макул”, алты депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда 59 депутат долбоорду колдоп, беш депутат каршы чыкты. Жогорку Кеңештин …

Парламент тууну өзгөртүүнү колдоду Толугу менен »