DOLON MEDIA

Башкы тема

Статком жарым жылда ички дүң өнүм 560 млрд сомго жеткенин билдирди

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) ушул жылдын январь-июнь айларында алдын ала баалоо боюнча 560 млрд сомго жакындап, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,1% көбөйдү. Өнөр жай продукциясынын көлөмү 237 млрд сомду түздү. Курулушта оң тенденциялар байкалып, мында көлөмдүн өсүшү 48,5% болду. Дүң жана чекене соода 21%, айыл чарбасы 3,3% түздү. Январь-июнь …

Статком жарым жылда ички дүң өнүм 560 млрд сомго жеткенин билдирди Толугу менен »

Нарын районундагы мектеп билим сапаты боюнча облуста алдыга чыкты

Нарын мамлекеттик админстрациясынын акиминин социалдык иштери боюнча орун басары Эльвира Жанболотованын маалыматы боюнча быйылкы окуу жылындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн арасында да аталган райондун мыктылары бар. Район боюнча 6 окуучу республикалык тестирлөөдөн 200 балдан жогору алышты. Окуучуларга жер жерлерден айыл өкмөттөр тарабынан да колдоо көрсөтүлдү деген акимдин орун басары мыкты бүтүрүүчүлөргө дегеле билим тармагына аким тарабынан көптөгөн …

Нарын районундагы мектеп билим сапаты боюнча облуста алдыга чыкты Толугу менен »

Лаззат Нургожоеванын жигити 3-августка чейин камакка алынды

Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лаззат Нургожоеванын жигити Афтандил Сабырбеков 3-августка чейин тергөө абагына камакка алынды. Мындай токтомду Бишкектин Биринчи май райондук соту 6-июлда кабыл алганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аны тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу өтүнүчүн судьяга Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген. Афтандил Сабырбековго Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат …

Лаззат Нургожоеванын жигити 3-августка чейин камакка алынды Толугу менен »

Жумгал: Жапайы кара куурайлар өрттөлдү

Жумгал районунда өскөн жапайы 4 тонна 700 килограммдай кара куурай өрттөлүп жок кылынды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат катчысы Кундуз Эсенгулова билдрди. Анын айтуусунда,  өлкө боюнча жүрүп жаткан  “МАК-2024”  алкагында баңги заттарды мыйзамсыз сактоого, жүгүртүүгө жана таратууга каршы күрөшүү максатында аталган райондо өскөн жапайы кара куурайлар өрттөлдү. Мындан тышкары  Кабак жана Миң-Куш  айылдарына атайын посттор …

Жумгал: Жапайы кара куурайлар өрттөлдү Толугу менен »

Кочкор: ЖРТдан жогорку упай алган бүтүрүүчүнүн мектебине унаа берилди

Жалпы республикалык тесирлөөдөн Кочкор району боюнча 13 окуучу 200 баллдан  ашык упай топтошкон. Бүгүн, 8-июлда  Кочкор айылындагы  “Чолпон”  кинотеарында  салтанаттуу иш чара уюштурулуп, аларга Ыраазычылык кат жана Мактоо баракчалары тапшырылды. Ал эми И.Арабаев мектеп гимназиясынын бүтүрүүчүсү Раяна Чолпонкулованын мектебине жеке ишкер тарбынан автоунаа белекке берилсе, өзүнө миң доллардын сертификаты тапшырылды.  Ал төрт жыл бою тынбай …

Кочкор: ЖРТдан жогорку упай алган бүтүрүүчүнүн мектебине унаа берилди Толугу менен »

Нарын: 129 уй  союлуп, жок кылынды

Нарын районунда жыл башынан бери 129 уйдан бруцеллез ылаңы табылып, алар ветеринардык эреженин негизинде союлуп жок кылынды. Бул тууралуу маалымат Нарын райондук ветеринардык башкармалыгынан алынды. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери бруцеллезго карата серологиялык изилдөөгө 5 миң 537 уйдан кан алынып Ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборуна жөнөтүлгөн.  Анын жыйынтыгы менен Дөбөлү айыл аймагынан 14, Чет-Нурадан …

Нарын: 129 уй  союлуп, жок кылынды Толугу менен »

Нарын: Кайрымдуу бол калайык!

Калктын аярлуу катмарын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо менен жашоосун жакшыртуу максатында Миң-Булак айыл аймагындагы  муундар аралык “Элден элге ” акциясы уланууда. Бул жолу 1979-жылы төрөлгөн айыл тургундары  дагы бир үй-бүлөгө  музоолуу уй алып беришти. Кезек 1977-жылы төрөлгөндөргө өткөрүлүп берилди. Айыл өкмөттөн билдиришкендей,  өткөн жылы айыл өкмөт башчы тарабынан демилгеленген бул акция элеттиктер тарабынан …

Нарын: Кайрымдуу бол калайык! Толугу менен »

Кочкор: Селдин кесепеттери жоюлууда

“Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №14-Жол тейлөө мекемеси тарабынан  Нарын облусунун Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун 0-15 чакырым  аралыгында жүргөн кыян-селдин кесепеттерин жоюу, жолду калыбына келтирүү иштери аткарылууда. Жеринде 300 м3 кум шагыл тартылып, бир суу өткөрүүчү түтүк калыбына келтирилди. Ошондой эле, 4-чакырымында  жолдогу суулар агуучу арык (кювет) жана 13- чакырымында жол тасмасы калыбына келтирилди.  

Жумгал: Сел коркунучтары алдын алынууда

Жумгал районунун үч айылында сел коркунучтарын алдын алуу иштери жүрүүдө. Тагыраагы,  Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айылдарындагы  сел жүрүү коркунучу бар аймактарда сел сууларын алдын алуу үчүн каналдарды казуу, бөгөт тосмолорун түптөө жана саздак жерлерге дренаждарды казуу иштери жүрүп жатат.   Райондук администрациядан билдиришкендей, бул жумуштар “Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу” долбоорунун алкагында ишке ашууда. Долбоор Чаек айыл …

Жумгал: Сел коркунучтары алдын алынууда Толугу менен »

Жумгал: Жашоону жакшыртуу үчүн 100 миң сом

Быйыл  Жумгал району боюнча “Социалдык контрак” долбооруна 260 үй-бүлөгө квота берилип, мунун  ичинен 150 үй-бүлөнүн бизнес-долбоорлору жактырылды.  Булардын ичинен 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдун сертификаттарын тапшырды. Белгилүү болгондой, 50 үй-бүлөнүн 42си  мал чарбачылыгы, 2өө тигүүчүлүк, 5өө соода кылууга жана 1 үй-бүлө  чач тарач багытында ишкердүүлүк жүргүзүүнү максат кылышкан. Маалымат үчүн белгилесек, аталган долбоор 2022-жылдан тартып …

Жумгал: Жашоону жакшыртуу үчүн 100 миң сом Толугу менен »