С.Орозбаков көчөсү асфальттала баштады
Бүгүн, 9-августта Нарын шаарындагы С.Орозбаков атындагы жолуна асфальт төшөлө баштады. Жол чарба департаментинин Нарын облустук бөлүмүнөн билдиришкендей, жалпы 1 чакырым 280 метр жол жасалат. Асфальттоо жумуштарын эки-үч күндүн ичинде бүтүрүү мерчемделүүдө. Ал эми Ленин атындагы борбордук жолду кеңейтүү жумуштары 12-августта башталат. Бул жолдун 9.5 чакырым аралыгы 15 метрге чейин кеңейтилип, жол боюндагы троллейбустун линиялары жылдырылат …