Бүтүрүүчүлөр аллея белек кылышты
Нарын шаарындагы №4 Э.Ибраев атындагы орто мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөр билим уяга “Бүтүрүүчүлөр аллеясын” белек кылышты. Бул долбоор мектеп жамааты жана бүтүрүүчүлөрдүн демилгеси менен ишке ашкан. Аллея-бүтүрүүчүлөрдүн мектепке болгон ыраазычылыгын чагылдырып, мектептин көркүн ачып, келечек муундарды шыктандыруучу жай болуп калат. Аталган билим уядан 11-классты 32 окуучу бүтүрсө, 9-классты 86 окуучу ийгиликтүү аяктады.