DOLON MEDIA

Ат-Башы: Малчылардын көйгөйү чечилди

Малчылардын көйгөйүнө айланган Жаңы-Жер жайлоосуна көпүрө жана жол салынды.

Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер жайлоосуна бара турчу жол жана  көпүрө салынып, колдонууга берилди.  Бул үчүн Казыбек айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1 миллион  200 миң сом бөлүнгөн. Ал эми Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан керектүү курулуш материалдары берилип, куруу жумуштарын  Казыбек-Кара-Коюн муниципалдык ишканасы жүргүздү. Салынган жолдун узундугу 1 чакырымдан  ашык, көпүрө узуну 24,  туурасы 3 метр.

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат катчысы билдиргендей, аталган жайлоого бара турган жол жана көпүрө болбогондуктан,  акыркы 30 жылдан бери малчылар барып жайлабай калышкан. Ал эми мурун барган малчылар ат,төө менен суу кечип өтүп, кыйынчылык менен көчүп-конуп келишкен.

Жаңы-Жер жайлоосунун жалпы аянты 20 миң гектар. Ал жакка буга чейин 13 малчы барып жайлап келсе, кийинки жылы 30дай малчы көчүп баруусу күтүлүүдө.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.