10-11-март күндөрү боло турган туруксуз аба-ыйрайына байланыштуу температуранын өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, Нарын облусунун аймагында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетип, кар аралаш жаан жаашы күтүлөт.
Ал эми облус аймагындагы унаа жолдордо абал туруктуу, каттам бар. Бишкек – Нарын -Торугарт жолундагы Долон, Түз-Бел ашууларында жол ачык.
Жол тейлɵɵ ишканалары түнкүсүн жааган карды жана кар күрткүлɵрүн тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу иштерин жүргүзүп жатышат.
Ошондой эле жолчулар ашуулар аркылуу жол жүргөн айдоочуларды жол коопсуздугун камсыздап, ылдамдыкты сактап, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.



