DOLON MEDIA

АКШ президенти Дональд Трамптын ант берүү аземи өтөт

Бүгүн, 20-январда АКШ президенти Дональд Трамптын ант берүү аземи өтөт. Расмий түрдө Трамп АКШнын 47-президенти болуп калмакчы.

Буга чейин ал АКШнын 45-президенти катары 2017-жылдан 2021-жылга чейин кызматта болгон.

Ант берүү иш-чарасы Американын ABC, CBS, CNN, CSPAN, Fox News өңдүү ири телеканалдар аркылуу түз алып көрсөтүлөрү айтылды.

Вашингтондо өтө турган инаугурацияга атайын чакырылган коноктор жана 200 миңге жакын адамдар күбө болору болжолдонууда.

Эске салсак, АКШ президентин шайлоо 2024-жылдын 5-ноябрда өтүп, 78 жаштагы Дональд Трамп жеңишке жетишкен. Трамп шайлоочулардын  51 пайыз добушун алган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.