DOLON MEDIA

Day: March 4, 2026

ЖАМК Аскат Жетиген айып изоляторунан бошотулганын билдирди

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчилигинин көрсөтмөсү менен абактагы акын Аскат Жетиген айып изоляторунан бошотулду. Бул тууралуу социалдык желелерде маалымат тарады. Буга чейин ошол эле социалдык желелерде №27 түрмөдө жазасын өтөп жаткан жарандык активист, ырчы Аскат Жетиген абактагы укук бузууларды акыйкатчынын өкүлдөрүнө ачык айтканы үчүн кыйноого кабылып, айып изоляторуна киргизилгенин билдирген. Бул тууралуу ал өзүнүн …

ЖАМК Аскат Жетиген айып изоляторунан бошотулганын билдирди Толугу менен »

5-мартта Омандан мекендештерибизди алып биринчи учак учуп келет

Перс булуңунан эвакуацияланган кыргызстандыктар түшкөн учак 5-мартта саат сегизде “Манас” аэропортуна келет. Омандан келүүчү биринчи каттам 180 адамды алып келет. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” мамлекеттик ишканасы маалымдады. Каттамды “Аэрономад” компаниясы жүргүзөт. Президент Садыр Жапаров 3-мартта Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жүргөн кыргызстандыктарды эвакуациялоо иштери жүрүп жатканын, Оман мамлекети менен макулдашып, эки учак менен 300 киши алынып келинерин …

5-мартта Омандан мекендештерибизди алып биринчи учак учуп келет Толугу менен »

Февраль айынан баштап Кыргызстанга гүл көп ташылууда

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 4 миллион даан гүл импорттолду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдап, февралдын башынан бери алып келинген гүлдүн саны январдагы көрсөткүчкө караганда 31% көп болгонун белгиледи. Маалыматка ылайык, эң көп ташылган гүл – роза. 1-февралдан бери өлкөгө 3,56 млн даана роза алып келинген. Андан кийинки орундарда орхидея, хризантема, лилия жана гвоздика гүлдөрү турат. …

Февраль айынан баштап Кыргызстанга гүл көп ташылууда Толугу менен »