DOLON MEDIA

Day: March 2, 2026

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча чукул жыйын өткөрдү

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн жана башка тармактык мекемелердин жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрдү. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан маалыматка караганда, кеңешмеде мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймакта калган Кыргызстандын жарандарынын абалы талкууланды. Орозбеков алардын коопсуздугун камсыз …

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча чукул жыйын өткөрдү Толугу менен »

Белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова эне болду

Ал кубанычтуу кабары менен 1-мартта социалдык тармактарга бөлүштү. Жердешибиз Айсулуу Тыныбекова “Азыр үчөөбүз барбыз” деп жазып, куттуктоолор үчүн баарына ыраазычылыгын билдирди. Айсулуу Тыныбекова 2025-жылы январь айында турмушка чыккан. Жолдошу Бакберген Абдымиталипов дагы спортчу. Айсулуу Тыныбекова — кыргызстандык көрүнүктүү спортчу, эркин күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку (2019, 2021, 2023) жана Азиянын алты жолку чемпиону, ошондой эле …

Белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова эне болду Толугу менен »

Кочкорлук окуучулар облустук олимпиадада биринчи орунду камсыз кылышты

Бул маалыматты Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-методикалык кабинетинин башчысы Астра Асаналемва маалымдады. Алгач райондук турга 578 окуучу катышып, алардын арасынан 1-2 -орундарды камсыз кылган 21 окуучу облустук турга жолдомо алышкан. Облустук олимпиадада 11 окуучу 1-3- орундарга ээ болушту. Бул Нарын облусу боюнча командалык эсепте биринчи орунга ээ болушту.  Облусттук олимпиада 27-28 февраль күндөрү өткөрүлгөн.

Нарын ОИИБ де кадрлар алмашты

2-мартта Нарын ОИИБ жетекчиси Жолболду Кочконов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык жаңы келген кадрларды өздүк курамга тааныштырды. Ал буйрукка ылайык Нарын облусттук ички иштер башкармылыгын башчысынын орун басарына милициянын подполковниги Максат Думанаев, ал эми тергөө кызматынын башчысына милициянын подполковниги Үмөталы Мусаев дайындалды. Бул маалыматты Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Беш айлык ымыркайы менен курьер болуп иштеген эне үйлүү болду

Бишкекте беш айлык баласы менен курьер болуп иштеген Байыркан Куттубек кызына Мамлекеттик ипотекалык компания 1 бөмөлүү батир берди. Бул маалыматты МИК 2-мартта таратты. Беш айлык кызын бешик арабага сүйрөп курьер болуп иштеп жүргөн 30 жаштагы келин тууралуу “Азаттык” 26-февралда видео даярдаган. Ал күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып, коргоо ордерин алып кризистик борбордо баш калкалап жаткан. Көз жаргандан …

Беш айлык ымыркайы менен курьер болуп иштеген эне үйлүү болду Толугу менен »

Куланак ГЭСи 2027-жылы ишке берилет

Нарын облусунун Нарын районундагы Куланак айылында 2022-жылы курула башталган Куланак ГЭСи келээрки жылы пайдаланууга берилээри пландалууда. Учурда плотина, суу өткөрүүчү бетон конструкциялар, суу кирүүчү каналдын суу алгычы жана бетондон дубалы курулууда. Куланак ГЭСинин курулушу менен 100 МВт же 435 млн кВт саат электр энергиясы өндүрүлүп, эки миңдей жумушчу орундары түзүлөт деп болжолдонулууда. Курулушу 100 млн …

Куланак ГЭСи 2027-жылы ишке берилет Толугу менен »