DOLON MEDIA

Day: June 24, 2025

Селден 45 үй жабыркады, зыяндары эсептелүүдө

Ушул жылдын 22-июнь күнү Нарын шаарында кыска убакытта нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен тоо  коктуларынан түшкөн сел суулары  Ак-Коргон, Интернат аймактарында турак жайларды, көчөлөрдү каптаган.  Кыян суу 45 турак жайдын короолорун каптап,  дубалдарын кулаткан. Мунун ичинен эки үйгө кыян суу кирген. Суу каптаган үйлөрдүн 14ү камсыздандырылган. Сел жүргөн аймакка Нарын шаары жана Нарын району боюнча өзгөчө …

Селден 45 үй жабыркады, зыяндары эсептелүүдө Толугу менен »

ЖРТ 2025: Нарында эки бүтүрүүчү “Алтын сертификатка” татыктуу болушту

2024-2025-окуу жылынын жыйынгы менен ЖРТ тапшырган бүтүрүүчүлөрдүн алган упайлары  жарыяланууда. Агартуу министрлиги жарыялаган маалыматка таянсак, өлкө боюнча 54 бүтүрүүчү эң жогорку жыйынтыкты көрсөтүп, “Алтын сертификаттын” ээси болсо, алардын экөө тениртоолук. Алар: 1: Кочкор районундагы Н. Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү  Акмарал Азаматова -232 упай, 2: Нарын шаарындагы М. Субакожоев атындагы Нарын лицейинин …

ЖРТ 2025: Нарында эки бүтүрүүчү “Алтын сертификатка” татыктуу болушту Толугу менен »

“Кыргыз шырдагы” фестивалы быйыл Атбашыда өтөт

28-29-июнь күндөрү Ат-Башы районунун Сары-Тал жайлоосунда “Кыргыз шырдагы” жана “Кыргыз даамы” фестивалдары жана “Хан Кошой” эл аралык  мелдеши өтөт. Фестивалдын алкагында шырдак, ала кийиз өндүү кол өнөрчүлөрдүн, улуттук даамдардын көргөзмөсү, Ат-Башы районундагы айыл өкмөттөр ортосунда  улуттук тамак-аштардын сынагы өткөрүлүп, кыргыз күрөшү уюштурулат. Улуттук наркты,  салттуу маданиятты даңазалаган салтанат улуттук баалуулуктарды, кол өнөрчүлүктү жайылтуу, эл аралык …

“Кыргыз шырдагы” фестивалы быйыл Атбашыда өтөт Толугу менен »

Нарында төрт сел тосуучу дамба курулууда

Нарын шаарынын РСТ аймагындагы Мазар булак жана Чыгыш булак коктуларында  4  сел тосуучу жай куруулууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка таянсак, долбоор Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасы тарабынан ишке ашып, 19 миллион сом каржыланууда. Курулуш сел коркунучун алдын алуу максатын көздөп, анан  бүтүшү менен сел агымынын басымы  азаят. Нарын шаарында сел түшүү коркунучу …

Нарында төрт сел тосуучу дамба курулууда Толугу менен »