DOLON MEDIA

Day: May 7, 2024

УКМК кыргыз-тажик чек арасында ок атылганын маалымдады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Чек ара кызматы 2024-жылы 7-майда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок атуучу курал пайдаланылган окуя болгонун маалымдады. Маалыматка караганда болжол менен саат 12:20да Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде Кыргызстандын чек ара кезмети өлкө аймагында мал кайтарып жүргөн тажик жарандарын байкаган. Алар чек ара сызыгынан …

УКМК кыргыз-тажик чек арасында ок атылганын маалымдады Толугу менен »

Биосфералык аймактарда геологиялык чалгындоого жана кен иштетүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жер казынасы жөнүндө”, “Биосфералык аймактар жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 17-апрелде кабыл алган. Ага ылайык, “Жер казынасы жөнүндө” жана “Биосфералык аймактар жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамдын азыркы редакциясынын 24-беренесинин (“Аукционду өткөрүү тартиби”) …

Биосфералык аймактарда геологиялык чалгындоого жана кен иштетүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алынды Толугу менен »

Матраимовдун бир нече мүлкү сатыкка коюлду

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, Азербайжандан кармалып, Бишкекке алып келинген Райымбек Матраимовдун бир нече мүлкүн аукционго койду. Ал мүлктөр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) уюшкан кылмыштуу топторго жана коррупцияга каршы күрөшүнүн алкагында мамлекетке өткөн. Ага ылайык, Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин жана Аалы Токомбаев көчөсүнүн кесилишиндеги “Эгиз мунара” деп …

Матраимовдун бир нече мүлкү сатыкка коюлду Толугу менен »

С. Жапаров: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл башталат

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Оштогу сапарында айтты. Мамлекет башчы учурда өлкө темир жол логистикасында туңгуюк абалда турганын, кыргыз ишкерлери дүйнөгө Казакстан жана Орусиянын темир жолу аркылуу гана чыгып жатканын белгиледи. Жапаров “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп алса, бул кыргыз мамлекети үчүн чоң жол болорун” билдирди. Кыргызстандын аймагы …

С. Жапаров: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл башталат Толугу менен »