DOLON MEDIA

НАТО өзөктү куралын күжүрмөн даярдыкка келтирүүнү талкуулоодо

НАТО өлкөлөрү Орусия, Кытай жана Түндүк Кореянын коркутууларынан улам өзөктүк куралды күжүрмөн даярдыкка келтирүү боюнча кеңешмелерди өткөрө баштады. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг The Telegraph гезитине берген маегинде билдирди. Столтенбергдин айтымында, учурда НАТОго мүчө өлкөлөр өзөктүк дүрмөттөрдү көбүрөөк жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ракеталарды кампалардан чыгаруу жана аларды күтүү режимине өткөрүү маселеси талкууланууда. «Албетте, …

НАТО өзөктү куралын күжүрмөн даярдыкка келтирүүнү талкуулоодо Толугу менен »

“Манас” аэропортунун коду “FRU” аталыштан башкага алмаштырылат

Бишкек шаарындагы “Манас” эл аралык аэропортунун кодун “FRU” аталышын башка аталышка алмаштыруу боюнча аракеттер уланууда. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Данияр Бостонов Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 18-июнундагы отурумунда билдирди. Депутат Гүлшаркан Култаева мекеме “Манас” аэропортуна СССР маалында ыйгарылган уникалдуу идентификаторду качан алмаштырарын тактап сурады. Данияр Бостонов бул …

“Манас” аэропортунун коду “FRU” аталыштан башкага алмаштырылат Толугу менен »

Кыргызстанда боорун алмаштырган бейтаптардын абалы орточо оор экени айтылды

Кыргызстанда алгачкылардан болуп боорун алмаштыруу операциясы жасалган бейтаптардын абалы туруктуу жана орточо оор абалда экени айтылды. Саламаттык сактоо министрлиги жакшы жылыштар байкалып жатканын, бейтаптарда өт бөлүп чыгаруу процесси иштей баштаганын билдирди. Бейтаптарга керектүү болгон дары-дармек жетиштүү экени кабарланды. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, министр Алымкадыр Бейшеналиев жана түрк дарыгерлери менен күн сайын онлайн …

Кыргызстанда боорун алмаштырган бейтаптардын абалы орточо оор экени айтылды Толугу менен »

Кочкор-Атада сел жүрүп, өспүрүм бала каза тапты

Жалал-Абад облусунда бүгүн 17-июнда селден бир өмүр кыйылганын жергиликтүү бийликтен кабарлашты. Кочкор-Атада саат 17:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски Кочкор-Ата, Бостон айылдарында кокту-колоттон аккан суу чогулуп, сел жүргөн. Мунун кесепетинен Эски Кочкор-Ата айылынын тургуну, 10 жаштагы бала сел суусуна агып, каза болгону маалымдалды. Баланын сөөгүн жергиликтүү тургундар саат 19:10до таап, жакындарына …

Кочкор-Атада сел жүрүп, өспүрүм бала каза тапты Толугу менен »

Курман айт майрамы 16-июнда белгиленет

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы маалымдагандай, быйылкы Курман айт 16-июнда белгиленет. “7-июнь – жума күн Зул-Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 15-июнь – ишемби күнү арапа, 16-июнь – жекшемби күнү Курман айт майрамы”, – деп жазылган муфтияттын маалыматында. Курман айт, ислам эрежелерине ылайык, Орозо айттан 70 күндөн кийин жана ажылык зыяраттын соңунда болот. Кыргызстандык зыяратчылар быйылкы ажылык …

Курман айт майрамы 16-июнда белгиленет Толугу менен »

Москвада кыргызстандык айдоочуга козголгон иш токтотулду

Москвада Украинадагы согуштун катышуучуларын түшүрүп салган кыргызстандык айдоочуга карата козголгон иш кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу токтотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул ишке байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан кылмыш иши козголгон жаранга толук консулдук-укуктук жардам көрсөтүлгөн. Мындан тышкары элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине расмий нота жиберип, кыргызстандык жаранга …

Москвада кыргызстандык айдоочуга козголгон иш токтотулду Толугу менен »

Абактагы төрт журналисттин камак мөөнөтү узартылды

16-январда кармалып, камакка алынган 11 журналисттин учурда тергөө абагында отурган төртөө: “Temirov Live” жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекееванын камак мөөнөтү 8-августка чейин узартылды. Бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү боюнча адвокаттардын өтүнүчү канааттандырылган жок. Мындай …

Абактагы төрт журналисттин камак мөөнөтү узартылды Толугу менен »

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмашты

Президент Садыр Жапаровдун 7-июндагы жарлыгы менен Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан башка ишке өткөнүнө байланыштуу бошотулду. Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен анын ордуна орун басары Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Жылдыз Полотованын талапкерлиги …

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмашты Толугу менен »

“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча макулдашууга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров 6-июнда Бээжин шаарында өткөн “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюу аземинин катышуучуларына кайрылуу жасады. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, Садыр Жапаров бул проектти ишке ашыруунун башталышын белгилеген тарыхый окуя экенин, долбоор “Бир алкак – бир жол” демилгесинин …

“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча макулдашууга кол коюлду Толугу менен »

Чаткалда кен казган казакстандык ишкерге издөө жарыяланды

Kazakhmys Holding компаниясы Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) издөө жарыялаган казакстандык ишкер Владимир Жуманбаевге байланыштуу иш тууралуу комментарий берди. Бул тууралуу Казакстандын Tengrinews.kz маалымат агенттиги ишканага шилтеме берип жазды. Анда Kazakhmys Holding компаниясынын менежери жана “Алтын Алмас”, “Каражыра” ишканаларынын акционери Владимир Жуманбаевдин Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топторго байланышы жок экени, ал тергөө органдары менен …

Чаткалда кен казган казакстандык ишкерге издөө жарыяланды Толугу менен »