DOLON MEDIA

Чүйдө алты баланын өмүрүн алган кырсык боюнча айдоочу кармалды

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Чүй облусунун Жайыл районунун Алтын айылында алты баланын өмүрүн алган автокырсык тууралуу маалымат берди. Облустук милициянын маалыматына караганда, кырсык 20-июнда Алтын айылынын түндүк тарабында жайгашкан №3 көлмөдө болгон. “Фольксваген Джетта” үлгүсүндөгү автоунаа көлмөгө түшүп кетип, алты бала каза тапкан.    Кара-Балта шаарынын 40 жаштагы тургуну 26 жаштагы …

Чүйдө алты баланын өмүрүн алган кырсык боюнча айдоочу кармалды Толугу менен »

Сот Алга Кылычевди 10 жылга абакка кесип, камакка алынды

21-июнда Чүйдүн Аламүдүн райондук соту КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шек саналып жаткан Алга Кылычевди 10 жылга абакка кесип, сот залынан камакка алды. Алга Кылычев “Азаттыкка” комментарий берип, беш жыл мурун болгон окуя боюнча кесилип жатканын саясий куугунтук деп эсептей турганын айтты. “Мени Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп таап, Шанкаев деген …

Сот Алга Кылычевди 10 жылга абакка кесип, камакка алынды Толугу менен »

Тажикстанда “жат кийимдерге” тыюу салган мыйзамга кол коюлду

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон улуттук маданиятка төп келбеген кийимдерди алып кирүүгө, сатууга жана коомдук жайларда кийүүгө тыюу салган “Салттарды жана ырым-жырымдарды тартипке келтирүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзамда “жат кийимдерге” кандай кийимдер кирери так жазылган эмес. Бирок талдоочулар тажик бийлигинин буга чейинки аракеттерин эске алып, кеп мусулмандардын кийими жөнүндө болуп жатышы мүмкүн деп болжолдоп жатышат. …

Тажикстанда “жат кийимдерге” тыюу салган мыйзамга кол коюлду Толугу менен »

Өндүрүш Токтонасыровдун 100 миң сом айып пулуна элден акча чогулду

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровго сот чечими менен салынган 100 миң сом айып пул элден чогулду. Бул тууралуу “Кылым шамы” уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова социалдык баракчасына жазды. Акча чогултуу демилгесин “Кылым шамы” уюму көтөргөн. “Өндүрүш Токтонасыровго салынган айып пулду чогултуу демилгесин биздин уюм кечээ кечки саат 5де жарыялаганбыз. Бир күнгө жетпей, карапайым элден 500, 1000 сомдон …

Өндүрүш Токтонасыровдун 100 миң сом айып пулуна элден акча чогулду Толугу менен »

Акылбек Жапаров темир жолго алынчу насыя мамлекеттин эмес, компаниянын мойнуна илинерин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорунун мааниси, ишке ашырылышы жана каржылоо маселелери жөнүндө билдирүү жасады. Бул тууралуу пикирин ал Административдик-аймактык реформа тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийинки сөзүндө айтты. Акылбек Жапаров бир күн мурун тиешелүү макулдашууну колдоп бергени үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирип, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу жана …

Акылбек Жапаров темир жолго алынчу насыя мамлекеттин эмес, компаниянын мойнуна илинерин айтты Толугу менен »

Меккеде ысыктан каза болгондордун саны 900дөн ашты

Акыркы маалыматтарга ылайык, катуу ысыктан улам Сауд Арабиясынын Мекке шаарында каза болгон зыяратчылардын саны 922ге жетти. Бул тууралуу Франс-Пресс (AFP) агенттиги кабарлады. Адамдардын өлүмүнө абанын температурасы көлөкөдө +50 грудастан ашканы себеп болгон. Араб дипломаттарынын бири AFP агенттигине каза болгон египеттиктердин эле саны 600гө жеткенин билдирди. Ажылыктын бир бөлүгү эсептелген Арафат тоосуна чыгуу жана Каабаны айлануу …

Меккеде ысыктан каза болгондордун саны 900дөн ашты Толугу менен »

Өкмөт бала бакчадагы тамак-ашка акча бөлбөй турганы айтылды

Президент Садыр Жапаров “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун артка кайтарды. Ага ылайык, бала бакчаларда балдардын тамагын толугу менен ата-энелер же баланын мыйзамдуу өкүлү төлөйт. Бул тууралуу 19-июнда Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев билдирди. Анын сөзүнө караганда, былтыр балдар бакчаларындагы наристелердин тамагы үчүн мамлекеттик бюджеттен 800 млн …

Өкмөт бала бакчадагы тамак-ашка акча бөлбөй турганы айтылды Толугу менен »

Меккеде аптаптын айынан 500дөн ашуун зыяратчы каза тапты

“Франс Пресс” агенттиги кабарлагандай Сауд Арабиясындагы ажылык маалында катуу аптаптан улам кеминде 550 зыяратчы каза болду. Агенттик көз жумгандардын кеминде 323ү Египеттин жарандары экенин жазды. Маалыматка караганда алардын дээрлик баары ысыктан улам каза тапкан. Сауд Арабиясынын метеорологиялык борбору дүйшөмбү күнү Меккеде абанын табы 51,8 градуска жеткенин кабарлады. “Франс Пресс” агенттиги 19-июнда зыяратчылар арасында ысыктан каза …

Меккеде аптаптын айынан 500дөн ашуун зыяратчы каза тапты Толугу менен »

Лингвист Аскат Жетигендин сөзүндө чакырыктар жоктугун айтты

19-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунда акын жана активист Аскат Жетигендин иши боюнча кезектеги соттук отурум болду. Анда айыпталуучу тараптын өтүнүчү менен келген лингвист көрсөтмө берип, активисттин социалдык тармакка жарыялаган видеосундагы сөздөрүндө массалык башаламандыкка жана бийликти басып алууга чакырыктарды көрбөгөнүн айтты. Адвокат Самат Матцаковдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча, бүгүнкү жараянда тергөөчүнүн токтому менен чакырылган лингвист да көрсөтмө …

Лингвист Аскат Жетигендин сөзүндө чакырыктар жоктугун айтты Толугу менен »

Орусиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды

Орусиянын президенти Владимир Путиндин жарлыгы менен бул өлкөнүн Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп Сергей Вакунов дайындалды. Путиндин жарлыгы Кремлдин расмий сайтына жарыяланды. Орусиянын Кыргызстандагы мурунку элчиси Николай Удовиченконун элчилик миссиясы аяктаганы кабарланган. Ал 2019-жылдан бери элчи болуп иштеген. Жаңы дайындалган элчи Сергей Вакунов буга чейин Орусия Федерациясынын президентинин башкармалыгында Чет өлкөлөр менен аймак аралык жана …

Орусиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды Толугу менен »