DOLON MEDIA

Нарын облусунда “Кыргыз Шырдагы XV” фестивалы өтөт

28-29-июнь күндөрү салтка айланган Кыргыз Шырдагы фестивалы  Нарын районундагы “As F Nomad”  эс алуу жайында манасчылардын жана кол өнөрчүлөрдүн жүрүшү менен башталат. Уздар мастер класстарды өткөрүшөт, “Сармерден” оюну сыяктуу маданий иш чаралар болот. Каалоочуларга туристтик маршруттар сунуш кылынат. Ага удаалаш эле Нарын шаарындагы “Алма Бак” паркында кол өнөрчүлөрдүн эмгектери соода-сатыкка коюлат. Кечкисин от, жагылып чоң …

Нарын облусунда “Кыргыз Шырдагы XV” фестивалы өтөт Толугу менен »

Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга маңзат алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Ноокен районунун Бобуй айылында Өзбекстанга маңзат алып өтүүгө аракет кылган эки киши кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. “Кыргызстан аркылуу Тажикстандан Өзбекстанга маңзат ташуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Кармалгандар 2,4 килограмм “ооган чарсын” Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылышкан”, – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө. УКМК бул …

Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга маңзат алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды Толугу менен »

Бишимбаевдин өкүмү өзгөрүүсүз калтырылды

Казакстанда жубайынын өлүмүнө айыпталган мурдагы министр Куандык Бишимбаевдин жана аны менен чогуу соттолгон жакын тууганы Бакытжан Байжановдун апелляциялык арызы канааттандыруусуз калтырылды. “Азаттыктын” казак кызматы жазгандай, 26-июнда Астана шаарынын кылмыш иштери боюнча сотунун апелляциялык коллегиясы алардын даттануусун карап, биринчи соттук инстанциянын өкүмүн өзгөрүүсүз калтырды. Бишимбаевди быйыл 13-майда Астананын райондор аралык кылмыш соту жарандык жубайы Салтанат Нукенованы …

Бишимбаевдин өкүмү өзгөрүүсүз калтырылды Толугу менен »

“Апрелчилерге” деген тигүү фабрикасы курулуп жатканы белгилүү болду

Министрлер кабинети “7-апрель ынтымагы” ачык акционердик коомуна бөлүп берген жерде 15-20 күн мурун тигүү фабрикасы, бала бакча жана дагы бир имараттын курулушу башталганы белгилүү болду. Бул тууралуу өзүн мастер деп тааныштырган Жеңиш Нусубалиев 26-июнда “Азаттыктын” кабарчылары курулуш жүрүп жаткан жерге барганда айтты. Анын сөзүнө караганда, 25-июнда “апрелчилер” барып курулуш иштерин көрүп кетишкен. Ал кимдер келгенин …

“Апрелчилерге” деген тигүү фабрикасы курулуп жатканы белгилүү болду Толугу менен »

ӨКМ Нургожоеванын жигити тик учактын ижарасына 157 миң сом төлөгөнүн билдирди

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) президент Садыр Жапаровдун карындашы Лаззат Нургожоеванын министрликтин тик учагына байланыштуу социалдык тармактарда тараган видеосу тууралуу комментарий берди. Мекеменин 26-июнда тараткан маалыматына ылайык, Автандил Сабырбеков аттуу адам министрликтин тик учагын бир саатка ижарага алуу боюнча 21-июнда келишим түзүп, 157 миң 662 сом төлөгөн. Ал 24-июнда 56 мүнөт учканы жана тик учак ижарага …

ӨКМ Нургожоеванын жигити тик учактын ижарасына 157 миң сом төлөгөнүн билдирди Толугу менен »

Кыргызстан менен Евробиримдик кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине кол коюшту

25-июнда президент Садыр Жапаровдун Бельгия сапары учурунда “Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” келишимге кол коюлду. Келишим көптөгөн өз ара пайдалуу багыттар боюнча саясий диалогду бекемдөө жана кызматташтыкты тереңдетүү үчүн жаңы укуктук негизди түзөрү белгиленди. Бул багыттар – соода жана инвестиция, туруктуу өнүгүү жана байланыш, изилдөө жана инновация, билим берүү, …

Кыргызстан менен Евробиримдик кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине кол коюшту Толугу менен »

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт

24-25-июнда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. 25-июнда түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, …

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт Толугу менен »

Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат

Юстиция министрлигинин маалыматында мындай чара рынокту жасалма телефондордон коргоо, телефондордун уурдалышын жана телефон алдамчылыгын азайтуу максатында жүргүзүлүп жатканы кабарланган. 25-июндан тартып мобилдик телефондор Мамлекеттик идентификация системасында катталышы керек. Катталбаган телефондор өлкөнүн бир да мобилдик операторунун байланыш кызматынан пайдалана албайт. “Мамлекеттик идентификациялык система өлкөгө аткезчилик жол менен, жасалма телефондордун киргизилишин алдын алат. Сатыкка мыйзамдуу алып келинген, …

Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат Толугу менен »

Азия өнүктүрүү банкы Ысык-Көлдүн инфраструктурасын жакшыртууга 56 миллион доллар бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы саркынды сууларды башкарууну жакшыртуу, ошондой эле Ысык-Көлдө туруктуу жана инклюзивдик туризмди бекемдөө үчүн Кыргызстанга 56 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу каржы уюмунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, каражаттын 25 миллион доллары жеңилдетилген насыя, 31 миллиону грант катары берилет. Долбоордун алкагында климаттык өзгөртүүлөргө туруштук бере турган сууну тазалоочу курулмаларды жана насостук станцияларды …

Азия өнүктүрүү банкы Ысык-Көлдүн инфраструктурасын жакшыртууга 56 миллион доллар бөлөт Толугу менен »

Сауд Арабиясында каза болгон зыяратчылардын саны миңден ашты

Сауд Арабиясында ажылык сапар учурунда каза болгон зыяратчылардын саны миңден ашты. Бул тууралуу AFP агенттиги дипломатиялык булактарына шилтеме кылып кабарлады. Каза болгондордун 658и Египеттин, 68и Индиянын, 60ы Иорданиянын, 35и Пакистандын, 35и Тунистин жарандары. Алардын арасында Тажикстандын үч жараны да бар экени кабарланууда. ТАСС агенттиги Орусиянын башкы консулдугуна таянып, Меккеде беш орусиялык каза болгонун жазды. AFP …

Сауд Арабиясында каза болгон зыяратчылардын саны миңден ашты Толугу менен »