DOLON MEDIA

Шаар аралык такси автобекеттерге бөлүштүрүлөт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, Батыш автобекети тараптагы иретсиз токтотулган унааларды жоюу максатында шаар аралык такси каттамдары эки чоң автобекетке бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Мэриянын маалыматына ылайык, Чыгыш багытына (Ысык-Көл, Нарын, Токмок, Кемин ж.б.) каттаган такси маршруту Чыгыш автобекетинин аймагында, ал эми батыш багытына (Суусамыр, Талас, Жалал-Абад Ош, Баткен …

Шаар аралык такси автобекеттерге бөлүштүрүлөт Толугу менен »

Нарындык Мадина Муратбекова Эл аралык сулуулар сынагынын финалына чыкты

Нарындык кыз Мадина Муратбекова Уфа шаарында өткөн Эл аралык сулуулар сынагынын финалына чыкты. Маалыматка ылайык, 2-апрель күнү Башкирия мамлекетинин Уфа шаарындагы «Торатау» конгресс-холлунда сулуулар сынагынын тандоо туру болуп өттү. «Мисс Шериктештик» республикалык этникалык сулуулар жана таланттар конкурсуна жалпы 18 катышуучу катышып, алардын ичинен 7 финалист тандалып алынган. Ал эми финалдык тур 21-апрель күнү болот.

Ак-Талаа: Таштанды чыгаруу маданиятын үйрөнөлү-Сүрөт баян

Бүгүн, 9-апрель күнү райондогу мекеме кызматкерлери чогулуп  Баетов айылынын күн чыгыш тарабындагы Кара-Чий  жана күн батышындагы Босого  тилкелерин таштандыдан арылтышты. Мындан бир топ  жыл мурда  алма бактын көчөттөрү отургузулуп, кийин  ээн талаага айланган Кара-Чий аймагы таштанды талаага айланган. Ал тилкеде ит-мышыктын, малдын  териси, өлүгү, желим баштык, бөтөлкө толуп кеткен. Мындан сырткары  оттун күлү, малдын кыгы, …

Ак-Талаа: Таштанды чыгаруу маданиятын үйрөнөлү-Сүрөт баян Толугу менен »

Нарын: Жан-Булакта бактар кыйылууда

Айыл өкмөт башчысы Улан Бозгунчиевдин айтымында,  АРИС тин жардамы менен таза суу киргизилет аны менен катар айылдын башкы планы боюнча жолдор кеңейтилет. Ошондуктан экологдордун уруксаты менен айыл боюнча 1600 бак кыйылат. Ал эми “Жашыл Мурас”  улуттук өнөктүктүн алкагында  алкагында 85 бак отургузулду.

Жумгал районунда аким жок

Бир айдан бери Жумгал районунда аким жок. Буга чейинки аким Жамшит Матанбаев эки жылга чукул иштеген. Ал  үстүбүздөгү жылдын март айында жер амнистиясын жакшы жүргүзбөгөн жана башка бир катар көрсөткүчтөр төмөн деп баа берилип жумуштан кеткен. Ага чейин иштеген аким Залкар Бозбалаев  алты ай иштеген соң аттестациядан кулап калган. Жумгал районунда чоң көмүр кени Кара-Кече, …

Жумгал районунда аким жок Толугу менен »

Нарындык залкар комузчу Руслан Жумабаев  эскерилди

20 дан ашык күүлөрү бар искусство илимдеринин кандидаты, залкар комузчу Руслан Жумабаевдин элесин унутпоо үчүн Нарын шаарындагы Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинде класс ачылып, эми комузчунун күүлөрүн окуучуларга үйрөтүп башташат. Мектепте окуган 220 баланын 102си комузга келишет деген мектеп директору Жанарбек Абдуразаков Руслан Жумабаев эгемендүү Кыргызстандагы залкар күүчү, комузчулардын сап башында турат деген пикирин билдирди. …

Нарындык залкар комузчу Руслан Жумабаев  эскерилди Толугу менен »

Нарын шаарында жол киренин тарифи кайра каралышы ыктымал

Бул жөнүндө Нарын шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев билдирди. Шаардык кеңештин 5 чакырылыштагы депутаттары 2023-жылдын 14-мартында кабыл алган чечим менен  Нарын шаарынын ички жолун тейлеген маршруттук таксилерге баардык жүргүнчүлөр  үчүн 10 сомго тейлөөгө макулдук беришкен. Бирок буга айрым жашоочулар терс пикирилерин билдиришкен. «Элетробустар келгенде кайра тариф каралат»-дейт шаардык кеңештин төрагасы А. Молдосалиев. Анын айтымында, …

Нарын шаарында жол киренин тарифи кайра каралышы ыктымал Толугу менен »

Нарын театрында жаңы спектаклдин бет ачары болду

СССР дин Эл артисти Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына арналган «Бакен» спектакль Нарын академиялык музыкалык театрынын көркөм кеңеши тарабынан жактырылды. Драматург Жаныш Кулманбетовдун «Талант жана тагдыр» драмасынын негизинде даярдалган спектаклдын режиссеру Бүбүсара Бейшеналиева атындагы КММИУнин 4-курсунун студенти Гаухар Ажигулова, ассистенти КРнын Эмгек сиңирген артисти Жумабек Мадемилов. Театрдын жетекчилигинен билдиришкендей, режиссер –студент алгачкы эмгегин  теңиртоолуктарга  7-апрель күнү …

Нарын театрында жаңы спектаклдин бет ачары болду Толугу менен »

Нарын: Куткаруучулар адамдын жансыз денесин муз алдынан алып чыгышты

Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосундагы алтын кен комбинатында иштеген  31 жаштагы Ж.Анын сөөгүн куткаруучулар муз астынан алып  чыгып, ички иштер органдарына өткөрүп беришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык  комбинаттын жумушчусу 5-апрелде жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кеткен. Кырсык катталган жерде ӨКМнин Нарын облустук башкармалыгынын, шаардык жана Нарын, Кочкор райондук …

Нарын: Куткаруучулар адамдын жансыз денесин муз алдынан алып чыгышты Толугу менен »

Сүрөт баян: Апрель курмандыктары эскерилди

Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында токсонго чукул адамдын өмүрү кыйылган Апрель революциясына быйыл 13 жыл болду. Бүгүн, 7-апрелде эскерүү иш чарасы Нарын шаарындагы “Тянь-Шань” паркында апрель окуясында курман болгон  баатырлардын  элесине арналып тургузулган эстелик алдында өттү. Эскерүү иш чарасына облустук, райондук, шаардык бийлик төбөлдөрү, Апрель баатырлары, анда курман болгондордун жакындары жана бир катар мекеме-ишканалардын кызматкерлери …

Сүрөт баян: Апрель курмандыктары эскерилди Толугу менен »