DOLON MEDIA

Парламент Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүү арызын четке какты

Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы сессиясында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын талкуусуз эле четке какты. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 24-сентябрдагы жыйынында ушундай эле токтом кабыл алган. “Кыргызстандын көз карандысыздык жылдарында бир топ кыйынчылыктар болду. Жакшысынан жаманы арбын …

Парламент Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүү арызын четке какты Толугу менен »

Айдоочулук күбөлүккө мопед үчүн категория киргизүү сунушталууда

Ички иштер министрлиги кыймылдаткычынын кубаты 50 кубдан төмөн болгон мопед, мотоциклдер үчүн айдоочулук күбөлүктүн категориясын киргизүүнү сунуштайт. Бул тууралуу министрликтин алдындагы Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Байказы Айтикул уулу “Азаттыкка” ырастады. “Мисалы, күбөлүктөгү “А” категориясына кошумча кылып “А1” деген сыяктуу болуп кошулат. Бул боюнча жумушчу топ иштеп жатат. Ишке аша турган болсо, …

Айдоочулук күбөлүккө мопед үчүн категория киргизүү сунушталууда Толугу менен »

Нарын: Кум-шагыл араламшасын чыгарган завод ишке кирди

Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүндө кум-шагыл аралашмасын чыгарган завод ишке берилди. Завод “Запин-2”  участкасында жайгашкан. Долбоорду жеке ишкер Акмат Кудайбергенов өз каражатынан ишке ашырып, жалпы инвестициянын көлөмү  350-400 миң долларды түзгөн. Аталган завод до 15 жумуш орду түзулүп, саатына 180 тонна кум-шагыл өндүрөт. Мындан тышкары,  саатына 70-80 куб бетон аралашмасын чыгара турган завод дагы куруу …

Нарын: Кум-шагыл араламшасын чыгарган завод ишке кирди Толугу менен »

Асма көпүрөлөрдүн тегереги тозулду

Нарын шаарынын 64 аймагында жайгашкан эки асма көпүрө коопсуздандырылып, тегереги темир тосмо менен тосулду. Ошондой эле көпүрөнүн Нарын суу жээгин тосуу иштери аткарылды. Маалыматка караганда, ушул эле долбоордун алкагында Ленин №1көп кабаттуу турак жайын айланып өткөн жол салынып, аймактын инфраструктурасы жакшыртылды. Бул жумуштарды аткарууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 миллион 80 миң сом бөлүнгөн.

Ак-Талаа: Окуучулар китеп менен камсыздалды

Кара-Бүргөн айылындагы орто мектепке демөөрчүлөр тарабынан  69 миң сомго окуу китептери алынды. Аталган айылдын Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин директору Гүлкайыр Майрыкееванын айтымында, 2024-2025-окуу жылына карата 9-10-11-класстын окуучулары үчүн Америка Кошмо Штаттарынан келген “Тынчтык корпусунун” ыктыярчысы Алекс Лоу, айылдын тургуну Алмаз Суранбаев жана бир катар ата-энелердин демөөрчүлүгү менен 90 даана англис китеби алынып берилди. Жалпы …

Ак-Талаа: Окуучулар китеп менен камсыздалды Толугу менен »

Ак-Талаа: Таза суу долбоору башталды

Баетов айылында “Таза суу”  долбоору башталып, учурда Кубан Карагулов атындагы көчөдө траншея казуу иштери жүрүүдө. Аталган айыл өкмөттүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Мадина Мыдыкееванын маалыматына караганда,  Баетов айыл өкмөтүнүн З. Ашырбаева көчөсүнүн күн чыгыш тарабына 80 метр тереңдикте 1 скважина казылып бүтүп, өткөрүлүп алынды. “Мындан сырткары БСР тарапка суу тартуу үчүн траншея казылып …

Ак-Талаа: Таза суу долбоору башталды Толугу менен »

Жумгал: Күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык,бүгүн, 23-сентябрда саат 05:34тө Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына менен очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган (энергетикалык класс К=7.9). “Жер титирөө Нарын облусунун Жумгал районунун Кызарт, Жумгал айылдарында 3 баллга (Кызарт айылынан 3 чакырым чыгышта, Жумгал айылынан 3 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар …

Жумгал: Күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды Толугу менен »

23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү

Бүгүн, 23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнү. Бул күн облустагы бардык окуу жайларда, китепканаларда, мекеме-ишканаларда жана мектептерде салтанаттуу белгиленип жатат. Алсак, С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасы “Кыргыз тилим-көөнөрбөс дилим” деп аталган китеп көргөзмө уюштуруп, жалпы коомчулук үчүн китепкана алдында көркөм окууларды өткөрүштү. Китепкананын тейлөө бөлүмүнүн башчысы Бурул Мураталиеванын айтуусунда, жаштар арасында  кыргыз тилинде классикалык жана тарыхый  чыгармаларды окугандар …

23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү Толугу менен »

Ат-Башы: Малчылардын көйгөйү чечилди

Малчылардын көйгөйүнө айланган Жаңы-Жер жайлоосуна көпүрө жана жол салынды. Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер жайлоосуна бара турчу жол жана  көпүрө салынып, колдонууга берилди.  Бул үчүн Казыбек айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1 миллион  200 миң сом бөлүнгөн. Ал эми Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан керектүү курулуш материалдары берилип, куруу жумуштарын  Казыбек-Кара-Коюн муниципалдык ишканасы жүргүздү. Салынган жолдун узундугу …

Ат-Башы: Малчылардын көйгөйү чечилди Толугу менен »

Нарында бийик тоолуу медициналык симпозиум өтүүдө

Нарын шаарында 21-23-сентябрь күндөрү бийик тоолуу аймактарды жана медицинаны өнүктүрүүнүн жана алдыңкы технологияларды жайылтуу боюнча 3-эл аралык симпозиум өтүүдө. Аталган симпозиумдун алкагында “Миррахимов окуулары” атуу көчмө конференция да болууда. Бул күндөрү бийик тоолуу шартта жашаган калктын ден соолугуна, айрыкча жүрөк-кан тамыр оорууларын алдын алуу, дарылоону жакшыртуу, жаңы ыкмаларды колдонуу боюнча талкуу болууда. Аталган симпозиумга Франци, …

Нарында бийик тоолуу медициналык симпозиум өтүүдө Толугу менен »