Медициналык мекемелер 130 дарыгерге муктаж
Нарын облусунда жашаган калкка медициналык кызмат көрсөтүүдө болгону 42 үй- бүлөлүк дарыгер иш алып барат. Алардын токсон пайызы пенсия курагындагылар . Бүгүнкү күндө, хирург, аллерголог, иммунолог, педиатр сыяктуу 130 дарыгер жетишпейт. Жыл башынан бери Нарын облустук медициналык мекемелерден 23 врач жумуштан бошоп кетсе, 21 врач келген.Ошондой эле 15 врач депозит программасы менен иштешүүдө









