DOLON MEDIA

Нарын: Баш мыйзамдын 30 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 4-майда М.Баетов атындагы Нарын райондук маданият үйүндө Нарын райондук мамалекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын Кониституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын белгиледи. Алгач КР Мамлекеттик туусу салтанаттуу түрдө сахнага алынып чыгып, мамлекеттик Гимни жаңырды. Иш-чарада  район башчысы Нуридин Мадимаров КРнын баш мыйзамы мамлекеттин  түзүлүшүнө, укуктук  негиздеринин калыптанышы менен Кыргызстандык ар бир жарандын эркин жана татыктуу  жашоосу үчүн …

Нарын: Баш мыйзамдын 30 жылдыгы белгиленди Толугу менен »

Студенттер жана окуучулар тарых музейинде болушту

5-май Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алган күнүнө карата окуучулар жана студенттер К.Мамбеталиева  атындагы тарыхый-этнографиялык музейинде болушту. Тагыраагы Матен Сыдыков атындагы №7 мектептин 9-классынын окуучуларына жана Нарын мамлекеттик университетинин студенттерине доклад окулуп жана экскурсия жүргүзүлдү. Ошондой эле НМУ нун студенттери атайын даярдап келген слайдтарына презентация жасашты.

Жумгал: Соң-Көл жайлоосуна кеткен туристтер куткарылды

Соң-Көл жайлоосуна кеткен төрт  канада өлкөсүнүн  жана эки кыргызстандык  жарандар аман-эсен табылды. ӨКМнин маалымат кызматы тараткан маалыматка таянсак, алар ушул жылдын  30-апрель күнү Соң-Көл жайлоосунан Молдонун-Бели ашуусу аркылуу Ак-Талаа районуна Toyota Sequoia үлгүсүндөгү унаа менен кетип,  байланышка чыкпай дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө-иштерин жүргүзүүгө Жумгал райондук №43 ӨКБдан авриялык куткаруу унаасы менен 4 …

Жумгал: Соң-Көл жайлоосуна кеткен туристтер куткарылды Толугу менен »

Алты окуучу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына татыктуу болду

Нарын облусу боюнча 6 бүтүрүүчү “Алтын тамга” артыкчылык серификатына ээ болушту. Бул тууралуу Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун адиси Гүлмира Таранчиева  билдирди. Анын айтымында, быйылкы 2022-2023-окуу жылында  “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына  облус боюнча 121 окуучу талапкер катары катталган. Алардын арасынан ар кандай себептер менен 10 окуучу тестирлөөгө келген эмес.  “Алтын тамга”  жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга …

Алты окуучу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына татыктуу болду Толугу менен »

Ат-Башыда “өзгөчө кырдаал” киргизилди

2- майда жааган кардын кесепетинен Нарын облусунун айрым райондорунда өзгөчө абал түзүлдү. Ат-Башы районунда  акимдин  буйругу менен 3-майдан баштап “өзгөчө кырдаал” киргизилди. Арпа жайлоосундагы 5 үй-бүлө миңге чукул бодо мал, бир жарым миңдин тегерегинде майда жандык менен калышкан. Райондук админстрациядан кабарлашкандай, адамдардын ден соолугу жакшы муктаждыктары жок,  малга 680 түк чөп жеткирилди. Эске салсак мындай …

Ат-Башыда “өзгөчө кырдаал” киргизилди Толугу менен »

Ак-Талаа: Жааган кардын кесепетинен 5 үй-бүлөгө барчу жол убактылуу жабык

Ак-Талаа районундагы Орто -Сырт жайлоосунда  малчылар каттаган Мелис ашуусу жабылып беш малчы 2000 ге чукул майда жандык, 600 гө чукул бодо малы менен калып калган. Мындай маалыматты өлкөбүздүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Малчыларга барчу Мелис ашуусунда кар калың болуп, райондук куткаруучулар артка кайтууга мажбур болушкан. Учурда адамдардын тамак ашы жетиштүү,  малга тоют жагынан жардам сурашкан. …

Ак-Талаа: Жааган кардын кесепетинен 5 үй-бүлөгө барчу жол убактылуу жабык Толугу менен »

Калаадагы эки парк оңдолуп, шарттар жакшыртылат

Нарын шаарынын мэри калаанын борборунда орун алган  “Тянь-Шань”  жана “Роза Өмүрзакова”  атындагы парктары реконструкциялана турганын  билдирди. Анын айтуусунда,  парктар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалып, шаардын борбордук бөлүгүндөгү жашоочулардын эс алуусуна шарт түзүлөт. Бул парктар 1970-жылдары салынганы менен андан бери  бир да жолу  ондоп-түзөөдөн өткөн эмес. Каралбагандыктан эскилиги жетип ичиндеги  арыктар, тротуарлар талкаланган, бактар куурап калагандыктан, шаар …

Калаадагы эки парк оңдолуп, шарттар жакшыртылат Толугу менен »

Нарында Улуу Ата Мекендик согуштун үч ардагери бар

Өлкөнүн бардык аймактарда 9-майда фашизмге каршы согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына карата эскерүү митингдери өтөт. Учурда Нарын облусунда дагы Улуу Жеңишти белгилөөгө даярдыктар көрүлүүдө. Нарын шаарында эскерүү иш-чарасы  “Тянь-Шань” паркындагы  “Өчпөс отто” белгиленип, №2025  аскер бөлүгүндө “солдат боткосу” берилет. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка Нарын облусунан 19 миң 237 жоокер катышкан. Алардын ичинен   8 миң 104 …

Нарында Улуу Ата Мекендик согуштун үч ардагери бар Толугу менен »

Жумгал: Эки ай бош турган орунга А.Набиев келди

Эки айга чукул бош турган Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  кызмат ордуна Набиев Адыбек Асанович дайындалды. Аны  КР Президентинин уюштуруу жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Камчыбек Кускаков жана дубан башчынын биринчи орун басары Адыл Сапаров жамаатка тааныштырды. Адыбек Набиев 1968-жылы Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Орто-Боз айылында туулган. Буга чейин Баткен …

Жумгал: Эки ай бош турган орунга А.Набиев келди Толугу менен »

Нарын шаарында 340 окуучу “Манас” айтты

КР Президентинин “Кыргыз элинин баа жеткис мурасы “Манас” эпосунун үчилтигин “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун ар тараптан изилдөө жана жайылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө  жана “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыкты ишке ашыруу максатында өлкө аймагындагы  мектеп окуучулары жана бакча тарбиялануучулар  арасында  “Урааным Манас”  аттуу кароо-сынагы өтүп жатат. Бүгүн, 2-май күнү сынак  Нарын шаарында өтүп, анда 340 окуучу …

Нарын шаарында 340 окуучу “Манас” айтты Толугу менен »